23-сентябрда Мексиканын түштүк тарабындагы Оахака штатында кайрадан күчү 6,2 баллга жеткен жер титирөө катталды. Чет элдик ЖМКлардын маалыматына караганда, анын кесепетинен 7 адам жаракат алды.
Эки аял үйдөн качып чыгып бара жатканда жүрөк оорусу кармап каза болушкан. Жер титирөө катталган кезде куткаруучулар 19-сентябрдагы жер титирөөдө уранды алдында калып каза болгондорду издөөнү токтотуп, көп убакыт өтпөй кайрадан өз иштерин башташкан.
Айта кетсек, 19-сентябрь күнү да күчү 7,1 баллга жеткен жер титирөө катталып, 40тан ашык имарат кыйрап, 3,5 миллион адам электр жарыксыз калган. Ал эми каза болгондордун саны 300гө жеткени кабарланган.