Сингапурда өткөн тай бокс боюнча көргөзмө беттешинде атаандаштардын бири каза тапты

Сингапурда уруш искусствосу боюнча Азия чемпиондугунун алкагында орун алган көргөзмө "белгилүүлөрдүн беттешинин" учурунда Бүткүл дүйнөлүк бодибилдинг федерациясынын президенти каза тапты. Бул тууралуу чет өлкөлүк басылмалар жазышты.

Маалыматка караганда, аталган беттештин алкагында Бүткүл дүйнөлүк бодибилдинг федерациясынын президенти Прадип Субраманиан жана 41 жаштагы жергиликтүү блоггер Стивен Лим кез келген. Беттеш техникалык нокауттан улам токтогон. 32-жаштагы Прадип Субраманиан ооруканага жеткирилген. Башында Субраманиандын командасынын өкүлдөрү спортчунун ден соолугуна эч кандай коркунуч жок деп билдиришкен. Бирок ал ооруканадан 1 сааттын ичинде каза болгон.

Спортчунун каза болгонунун себептери учурда айтыла элек. Тергөө иштери жүрүүдө. Эки мушкер тең профессионалдуу боксчу болгон эмес жана алар коргонуучу жабдыктарды колдонушкан эмес.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан