Бүгүн, 24-сентябрда Түркмөнстандын Ашхабад шаарында 17-27-сентябрь аралыгында өтүп жаткан уруш түрлөрү боюнча жабык имараттагы V Азия оюндарында Кыргыз самбочулар финалга чыгышты. Эми алар алтын медалдарды жеңгенге аракет көрөт.
Данияр Алымжанов 100 килограммга чейинки салмак ченинде катышып, чейрек финалда монголиялык балбанды жеңип, жарым финалда түркмөнстандык Бабажан Иввадулаевди жеңип финалга өткөн. Эми финалда Кыргыз спортчу түркмөнстандык Карымурат Аннатурбановго туш келет.
Бекназар Раимкул уулу 74 килограммга чейинки салмак ченинде күрөшүп, алгачкы беттеште индонезиялык Жефри Топанды 8:0 эсебинде жеңип, жарым финалда түркмөнстандык Сатлык Карыевди да жеңген. Эми финалда Раимкул уулу казакстандык Ассылбек Смаилов менен күрөшөт.
Айткүл Абдылдабек кызы 48 килограммга чейинки салмак ченинде күч сынашып жарым финалда казакстандык Жадыра Пайызга туш келип 6:0 эсебинде жеңип алган. Эми финалда Кыргыз самбочу казакстандык Айжан Жылкыбаева менен кез келет.
Ошондой эле Кыргыз самбочулар коло медалдар үчүн күч сынашат. Алар: Салмоорбек Маматемин уулу, Турарбек Жолдоказиев, Элдос Масиев, Улукбек Мамытов жана Тилек Аманкулов.
Учурда Кыргыз өлкөсүнүн капчыгында 41 медаль бар, анын ичинен 6 алтын, 13 күмүш жана 22 коло медалдар. Жалпы медалдык эсепте Кыргыз өлкөсү 10-орунду ээлеп келүүдө.