Жабык имараттагы Азия оюндары: Мээрим Жуманазарова коло медаль үчүн күч сынашат

Түркмөнстандын Ашхабад шаарында 17-27-сентябрь аралыгында өтүп жаткан уруш түрлөрү боюнча жабык имараттагы V Азия оюндарында бүгүн, 24-сентябрда күрөш боюнча мелдештер старт алды. Анда Кыргыз балбаны Мээрим Жуманазарова коло медаль үчүн күрөшкөнгө мүмкүнчүлүк алды.

Мээрим Жуманазарова 69 килограммга чейинки салмак ченинде күрөшүп алгачкы беттешинде казакстандык Элмира Сыздыковага жеңилип калган. Казакстандык балбан финалга өткөнү үчүн Мээрим Жуманазарова көңүл жубатуучу этапка өтүп, эми коло медаль үчүн япониялык Наруха Матсуюку менен беттешет.

Эске салсак, буга чейин Мээрим Жуманазарова түркмөн күрөш боюнча мелдештерге катышып күмүш медалын жеңип алган.

Учурда Азия оюндарында Кыргыз өлкөсү 41 медаль менен 10-орунда келе жатат. Кыргыз өлкөсүнүн капчыгында 6 алтын, 13 күмүш жана 22 коло медалдар бар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан