Бишкекте айдоочу эркек кишини сүзүп кетип, ал ошол жерден каза болду. Айдоочу унаасы менен аны 30-40 метрге чейин сүйрөп кеткенин күбө айтып берди

Бүгүн, 24-сентябрда эртең менен Бишкектеги Абдрахманов жана Бөкөнбаев көчөлөрүнүн кесилишинде Тойота Камри үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу катуу ылдамдыкта бара жатып эркек кишини сүзүп кетти.

Окуяга күбө болгон Өмүрбек аттуу окурман SUPER.KG'ге буларды айтып берди. "Таңкы саат 5:40 чамасында унаам менен аталган көчөлөрдүн кесилишинде бара жатсам Тойота Камри үлгүсүндөгү унаа катуу ылдамдыкта келе жатып жолдон өтүп бара жаткан жаш курагы болжол менен 30 жаштагы эркек кишини сүзүп кетти. Унаа жөө жүрүүчүнү 30-40 метрге чейин сүйрөп барып, андан ары токтобостон качып кетти. Ал эми жаракат алган адам ошол жерден каза болуп калды. Мен "Тез жардам" кызматы менен Патрулдук милицияга кабарладым", - деди окуянын күбөсү.

Күбөлөрдүн айтымы боюнча, кырсык болгон жерде унаанын мамлекеттик номуру түшүп калган. Окуя болгон жерден качып кеткен деп шектелген айдоочу түшкө жуук колго түшүрүлгөнү кабарланды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
Adil706070
2017-09-24 20:11:40
тойота камринин номерин билсен кармаганга жардамдаш
+7
eddi.kg
2017-09-24 20:28:16
Качып кайда барат баары бир колго түшөт
+11
Komrad
2017-09-24 20:33:52
Акмак айдоочу
+8
altyn7776
2017-09-24 21:08:21
Олду го бир жолу.. ит тебелегендей эле болду го акыркы кезде адам олуу... бул бийлик кетмейинче кан кетпейт, кан менен келген бийлик адамдардын башын жута берет ар турдуу кырсык аркылуу
+25
Atas
2017-09-24 21:10:00
Baarybir karmalyptyr
+7
Aima94
2017-09-24 22:00:18
Кыргызстан кырылып бүтөт мынтсе. Же тартип жок элдин баарына насрать. Ар бир адам өзүнөн баштабаса тебелеп өлтүрүп жүрө беребиз. Право саткыла көөп дагы кыргызстан түгөнөт ошондо!
+9
Kroxa
2017-09-24 23:12:09
Номери тушуп калып ырас болуптур бат табылганга..
+8
Bakkeldi
2017-09-24 23:48:19
ар бир адам озуно сак болушу керек да жоо жургунчуда эмнени карап отуп кетти бей капа озу кетпей бироону да азапка салып кетти ал
-3
KGstan1981
2017-09-25 00:44:02
Ажобуз ар бир уйдо экиден машине бар деп тим эле болбой мактанат эле мактанат.Бирок ошол айдоочуларга каттуу чара корсотпойбу?Качан жолдорубузга видео камералар оронолот7
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан