Бүгүн, 25-сентябрда Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунда Жогорку Кеңештин депутаты Аида Салянованын үстүнөн козголгон кылмыш иши боюнча сот отуруму уланууда. Айыпталуучунун коомдук жактоочусу Рабига Сыдыкова жарыш сөзгө чыгып айыпталуучуга иш туура эмес козголгонун айтып баштаганда сот Кубанычбек Касымбеков анын сөзүн бөлдү. Сот аны иштин корутундусу тууралуу гана сүйлөөгө милдеттендирди.
"Чечимди сот кабыл алат, корутунду тууралуу гана айтыңыз" деди Касымбеков. Бирок Сыдыкова жарыш сөз учурунда коомдук жактоочу эмнени айткысы келсе укуктуу экенин белгиледи.
"Мен кааласам жарыш сөз бүткөнчө эмоция менен сүйлөйм. Бул жерде жай сүйлөй тургандай иш болуп жаткан жок. Мени чектебеңиз", - деди коомдук жактоочу.
Айта кетсек, 2016-жылдын декабрь айында Саляновага "кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Ал "Юстиция министри болуп турганда кылмыш жасаганы үчүн издөөдө жүргөн Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын узарткан" деп айыпталууда.