Жактоочу Аида Саляновага кылмыш иши козголо электе эле тергөө иштери жүргөнүн айтты

Депутат Аида Салянованын иши боюнча сот отурумунда жарыш сөзгө чыккан анын коомдук жактоочусу Рабига Сыдыкова тергөө иштери кылмыш иши козголо электе эле жүргүзүлүп баштаганын айтты. Анын билдиришинче, кылмыш иши козголо электе айрым күбөлөр суракка алынганын белгиледи.

"Мыйзам боюнча кылмыш иш козголуп андан кийин тергөө жүргүзүлөт. Кылмыш иши ачылмайынча тергөө жүргүзүүгө болбойт. Андан сырткары тергөөдөгү материалдардын айрымдары экспертизага жиберилген эмес экен. Экспертизанын жыйынтыгы ар бир тергөө ишине камтылышы керек болчу. Бул жерде андай эмес. Тергөөчүлөр кандай ойлонот билбейм. Өздөрү билбесе тергөө тобунун жетекчисине тапшырышпайбы", - деди Сыдыкова. Коомдук жактоочусу жарыш сөзүн улантууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан