Салянованын жактоочусу сотто "Елисеевге ачылган кылмыш ишинин материалдарын Салянованыкына кошуп коюшуптур. Анын кандай тиешеси бар?"

Депутат Аида Салянованын кылмыш иши боюнча сот отуруму уланууда. Салянованын коомдук жактоочусу Рабига Сыдыкова Салянованын ишиндеги материалдар Алексей Елисеевдин ишиндеги материалдар экенин айтты. Сыдыкова депутаттын кылмыш иши боюнча өзүнчө тергөө жүрүшү керектигин белгиледи.

"Елисеевге 2013-2016-жылдары кылмыш иши ачылып, ал соттолгон. Ага ачылган кылмыш ишинин материалдарын Салянованын ишине которуп коюптурсуздар. Ар бир материал номурлары менен жүрөт. Андан алып туруп эле бул жакка тиркеп салгансыңар. Анын Саляновага эмне тиешеси бар? Ар бир кылмыш ишине өзүнчө тергөө жүрүшү керек да", - деди Сыдыкова. Эскерте кетсек, бүгүн, 25-сентябрда Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунда Жогорку Кеңештин депутаты Аида Салянованын үстүнөн козголгон кылмыш иши боюнча сот отуруму уланууда. Бүгүнкү күн тартибинде жарыш сөзгө чыгуу пландалган.

Айта кетсек, 2016-жылдын декабрь айында Саляновага "кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Ал "Юстиция министри болуп турганда кылмыш жасаганы үчүн издөөдө жүргөн Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын узарткан" деп айыпталууда.



РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан