Түркмөнстандын Ашхабад шаарында 17-27-сентябрь аралыгында өтүп жаткан уруш түрлөрү боюнча жабык имараттагы V Азия оюндарында Кыргыз спортчулар күрөш боюнча мелдешке катышат.
Бүгүн, 25-сентябрда күрөш боюнча мелдештер өтөт, анда Кыргыз өлкөсүнөн 6 спортчу килем үстүнө чыгып алдынкы орундарды ээлегенге аракет жасашмакчы.
Кыргыз балбандардын атаандаштары:
86 килограммга чейинки салмак ченинде:
Бактияр Карагул уулу - Абдул Факири (Ооганстан);
61 килограммга чейинки салмак ченинде:
Алибек Осмонов — Ахмад Омари (Ооганстан);
70 килограммга чейинки салмак ченинде:
Эламан Догдурбек уулу — Ихтиер Наврузов (Өзбекстан);
53 килограммга чейинки салмак ченинде:
Назира Марсбек кызы - Юка Яго (Япония);
58 килограммга чейинки салмак ченинде:
Айсулуу Тыныбекова — Акие Ханаи (Япония)
75 килограммга чейинки салмак ченинде:
Айпери Медет кызы - Поожа (Индия).
Медалдык эсеп боюнча жадыбал: