Сот Кубанычбек Касымбеков депутат Аида Салянованын сотунда анын жарыш сөзгө чыккан коомдук жактоочусу Рабига Сыдыкованын жарыш сөзүн алгач токтотуп салды. Сот жактоочу ишке тиешеси жок сүйлөп жатканынан ушундай чечимге келгенин айтты. "Ишке тиешелүү эмес сөздөрдү сүйлөп жатасыз. Мен сиздин жарыш сөзүңүздү токтотууга укугум бар. Эми жактоочу Чынара Жакупбекова жарыш сөзгө чыксын", - деди сот.
Буга депутат Салянова нааразы болуп, залда ызы-чуу чыкты. "Жактоочу жарыш сөздө ишке тиешелүү сүйлөбөй эмнени сүйлөп жатат? Башка нерселерди айтып жатса көрсөтүп бериңиз. Ал айыптоочу корутундуларга токтолуп жатат. Анын айткандары баары мааниге ээ болуп жатат. Урматтуу сот, буйрукту аткарып жатсаңыз байкатпаганга аракет кылбайсызбы? Сиздин азыркы аракетиңиз эртең эмне чечим чыгарынан кабар берип жатпайбы", - деди Салянова.
Соттун чечимин прокурорлор да колдоого алышты. Андан кийин сот кеңешүү бөлмөсүнө кирип чыгып коомдук жактоочунун жарыш сөзү токтулганын айтып, жактоочу Жакупбекованы жарыш сөзгө чыгууну талап кылды. Бирок жактоочулардын нааразычылыгын эске алып кайра Сыдыковага сүйлөөгө мүмкүнчүлүк берди.