Бишкек шаарында мындан 11 күн мурун "баласын төрөп, мууздап туруп таштанды салуучу челекке таштап кеткен" деп шектелген аял тергөө абагында муунуп каза болгондугу тууралуу маалымат булактарында айтылды. Белгилүү болгондой, ал өз жоолугуна асынып алган. Окуя 23-сентябрь, ишемби күнү болгон деп кабарланууда. Ал эми укук коргоо органдарынан бул тууралуу маалымат бериле элек.
Эскерте кетсек, 14-сентябрь күнү Бишкектеги Кустанай жана Астрахань көчөлөрүнүн кесилишиндеги таштанды таштоочу контейнерден ымыркайдын жансыз денеси табылган. Бишкек ШИИББинин маалыматы боюнча, шектүү катары кармалган 30 жаштагы аялга карата Кылмыш-жаза кодексинин 100-беренеси "эненин жаңы төрөлгөн баласын өлтүрүшү" боюнча кылмыш иши козголуп, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Шектүүнүн айтымында, ал үйүндө төрөп, анан ымыркайды өлтүрүп, кийип жүргөн халатына ороп ыргытып жиберген. Ленин райондук РИИБинин тергөө бөлүмү аталган иш боюнча тергөө иштерин жүргүзүп жаткан.