Депутат Аида Салянованын кылмыш иши боюнча соттук отурум уланууда. Айыпталуучунун коомдук жактоочусу Рабига Сыдыкова жарыш сөзүн сүйлөп жатканда мамлекеттик айыптоочу анын сөзүн токтотуу өтүнүчүн келтирди. "Ал айыпталуучуну коргоого толук укуктуу. Бирок ал мурда айтылгандарды кайра кайталап жатат, кызыксыз болуп жатат", - деди прокурор.
Жактоочу Сыдыкова: "Сизге кызыксыз болуп жатса шоу уюштуруп бийлеп берейинби. Мен бул жерге сизге кызыктуу болуш үчүн эмес, айыпталуучуну коргоо үчүн келдим", - деди Сыдыкова.
Сот прокурорлордун өтүнүчүн канааттандыруусуз калтырды.
Эскерте кетсек, бүгүн, 25-сентябрда Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунда Жогорку Кеңештин депутаты Аида Салянованын үстүнөн козголгон кылмыш иши боюнча сот отуруму уланууда. Бүгүнкү күн тартибинде жарыш сөзгө чыгуу пландалган.
Маалымат үчүн: 2016-жылдын декабрь айында Саляновага "кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Ал "Юстиция министри болуп турганда кылмыш жасаганы үчүн издөөдө жүргөн Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын узарткан" деп айыпталууда.