Депутат Алмамбет Шыкмаматовдун жактоочусу Салянованын сотунан бошобой, анын соту жылдырылды

"Ата Мекен" фракциясынан депутат Алмамбет Шыкмаматовдун соту 2-октябрга саат 14:00гө жылды. Бул тууралуу ал бүгүн, 25-сентябрда SUPER.KG порталына кабарлады.

Ал билдиргендей, анын жактоочусу Чынара Жакупбекова аталган фракциянын депутаты Аида Салянованын сотуна катышып жатат.

Шыкмаматовдун соту бүгүн саат 14:00дө өтмөк. Анда мамлекеттик айыптоочулар камсыздаган күбөлөр көрсөтмө беришмек.

УКМК Шыкмаматов жеке кызыкчылыгын көздөп, аялынын Мерседес Бенц Е320 үлгүсүндөгү унаасын кымбат баага сатуу үчүн "Барат Люкс" ишканасын тендерге катышкандардын катарына кошууну демилгелеген деп жатат. Шыкмаматов муну "саясий кысым" деп келет. Эскерте кетсек, аталган тендерге 2 фирма катышып, 2011-жылы 5-октябрда жыйынтыкталган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан