Депутат Аида Салянованын кылмыш иши боюнча сот отуруму уланууда. Анын коомдук жактоочусу Рабига Сыдыкова жарыш сөзүндө депутатка кылмыш ишин ачуудагы кемчиликтерди атады. Анын билдиришинче, депутатка кылмыш иши 2016-жылдын 26-декабрында козголсо, андан 11 күн мурун ал күбө катары суракка чакыртылып көрсөтмө бергенин айтты. "Кылмыш ишине шектүү адамга алгач кылмыш иши ачылып, андан кийин күбө катары суракка чакыртылат. Бирок тергөөчүлөр Салянованы кылмыш иш ачуудан 11 күн мурун, башкача айтканда, 15-декабрда суракка чакырышкан. Анысы аз келгенсип, видеого тартып алышкан. Эмнеге мындай кылышкан? Бул тергөөчүлөрдүн сабатсыздыгы. Ошенткен учурда деле көзөмөл орган муну карап коюшу керек эле да", - деди Сыдыкова.
Эскерте кетсек, бүгүн, 25-сентябрда Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунда Жогорку Кеңештин депутаты Аида Салянованын үстүнөн козголгон кылмыш иши боюнча сот отуруму уланууда. Бүгүнкү күн тартибинде жарыш сөзгө чыгуу пландалган.
Маалымат үчүн: 2016-жылдын декабрь айында Саляновага "кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Ал "Юстиция министри болуп турганда кылмыш жасаганы үчүн издөөдө жүргөн Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын узарткан" деп айыпталууда.