Бишкек шаардык прокуратурасы Бишкек ШИИБинин тергөө абагында асынып алган аялдын өлүмү боюнча текшерүү иштерин жүргүзө баштады. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматынан билдиришти.
Мындан 11 күн мурун Бишкек ШИИБинин тергөө абагына "жаңы төрөлгөн баласын өлтүрүп, таштандыга таштап салган" деп шектелип 30 жаштагы аял киргизилген.
Белгилей кетсек, баласын өлтүрүүгө шектелип кармалган 30 жаштагы аял 23-сентябрда тергөө абагында өз жоолугуна муунуп каза болгондугу тууралуу маалымат бүгүн кабарланган.
Окуяга кайрылсак, 14-сентябрь күнү Бишкектеги Кустанай жана Астрахань көчөлөрүнүн кесилишиндеги таштанды таштоочу контейнерден ымыркайдын жансыз денеси табылган. Бишкек ШИИББинин маалыматы боюнча, шектүү катары кармалган 30 жаштагы аялга карата Кылмыш-жаза кодексинин 100-беренеси "эненин жаңы төрөлгөн баласын өлтүрүшү" боюнча кылмыш иши козголуп, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Шектүүнүн айтымында, ал үйүндө төрөп, анан ымыркайды өлтүрүп, кийип жүргөн халатына ороп ыргытып жиберген. Ленин райондук РИИБинин тергөө бөлүмү аталган иш боюнча тергөө иштерин жүргүзүп жаткан.