Бали аралында Агунг вулканы атылганына байланыштуу 35 миң адам эвакуацияланды

Туристтер көп барган Бали аралында Агунг вулканы атылып баштаганына байланыштуу Индонезия бийлиги тоого жакын аймактарда жашаган 35 миң адамды эвакуациялады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.

Маалыматка караганда, кооптуу абал катары бааланган аймактын радиусу 12 чакырым болду. Вулкандын атылышы күчтүү деңгээлге жеткен. Жанар тоого жакын жерлерде тез-тез жер титиреп, магманын жер бетине чыгуу белгилери байкалууда. Вулкандын айланасындагы сейсмикалык активдүүлүк август айында башталган. Миңдеген адамдар эвакуацияланып, мэрия жана жергиликтүү мектептерде баш калкалап жатышат.

Агунг вулканы Бали аралындагы тоодо жайгашкан. Бийиктиги 3142 метрге жетет. Туристтик райондон 70 чакырым алыстыкта орун алган. Туристтер жашап турган аймактар коопсуз деп саналууда. Бали аралындагы "Денпасар" эл аралык аэропорту кадимки режимде иштеп жатат. Акыркы жолу вулкан 1963-жылы атылган. Анда миңден ашуун адам каза болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан