Жабык имараттагы Азия оюндары: Кикбоксчу Чыңгыз Калбаев жана Акрам Баратов коло медалдарын жеңип алды

Түркмөнстандын Ашхабад шаарында 17-27-сентябрь аралыгында өтүп жаткан уруш түрлөрү боюнча жабык имараттагы V Азия оюндарында Кыргыз кикбоксчулар коло медалдарын тагынды.

Чыңгыз Калбаев 69 килограммга чейинки салмак ченинде катышып алгач беттеште пакистандык Абдул Самадды жеңген. Чейрек финалда түркмөнстандык Дияр Хожаевди жеңип жарым финалга өткөн. Жарым финалда Кыргыз мушкер ирандык Мустафа Поурфараждан 7:4 эсебинде жеңилип коло медалын тагынган.

Акрам Баратов 51 килограммга чейинки салмак ченинде катышып чейрек финалда өзбекстандык Шерали Мусоевди жеңген. Жарым финалдык баскычта Баратов ирактык мушкерге туш келип жеңилип калган. Муну менен Акрам Баратов коло медалга ээ болуп, Кыргыз капчыгына 28-колону алып келди.

Учурда Кыргыз өлкөсүнүн капчыгында 50 медаль болду. Алардын ичинен 7 алтын, 15 күмүш жана 28 коло медаль. Жалпы медалдык эсепте Кыргыз өлкөсү 11-орунда жайгашууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан