Жабык имараттагы Азия оюндары: Стритбол боюнча Кыргыз курама командасы 4-орунду ээледи

Түркмөнстандын Ашхабад шаарында 17-27-сентябрь аралыгында өтүп жаткан уруш түрлөрү боюнча жабык имараттагы V Азия оюндарында стритбол боюнча Кыргыз курама командасы 4-орунду ээледи.

Стритбол боюнча Кыргыз курама команда коло медаль үчүн Монголия командасы менен беттешти. Беттештин жыйынтыгында Кыргыз курама командасы 11:21 эсебине жеңилүү ызасын тартып коло медаль алуу мүмкүнчүлүгүнөн кол жууду.

Буга чейин Кыргыз курама командасы тайпалык баскычта Монголияга 13:22 эсебинде жеңилип, Непал курамасын 19:15 жана Өзбекстан курамасын 21:18 эсебинде жеңип алган. Чейрек финалда Таиланд курамасын 13:12 эсебинде жеңишкен. Жарым финалда Кыргыз курамасы Ирак менен беттешип 18:20 эсебинде жеңилип калган. Бул жыйынтык менен Кыргыз баскетболчулар коло медаль үчүн ойногонго мүмкүнчүлүк алган.

Маалымдама: Стритбол (көчө баскетболу) - баскетболго караганда оюнчулардын саны аз (3 эле оюнчу) жана аянт эки эсеге кичинекей (баскетбол аянтынын жарымы).

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан