Британиялык актёр Гэри Олдмендин 5-ирет үйлөнгөндүгү айтылууда

Британиялык актёр жана режиссёр Гэри Олдмендин 5-ирет үйлөнгөндүгүн чет элдик басылмалар жазышууда.

Маалым болгондой, ал белгилүү киноактриса Жизел Шмидт менен жашыруун түрдө баш кошушкан. Үйлөнүү той Лос-Анжелестеги хан сарайлардын биринде өтүп, ага түгөйлөрдүн жакын адамдары гана катышканы айтылат. Ал эми өздөрү бул боюнча расмий билдирүү таратыша элек.

Белгилей кетсек, жакында Канаданын Торонто шаарында өткөн кинофестивалга Олдмен менен Шмидт чогуу келишкен. Бирок ал учурда экөөнүн мамилеси тууралуу көптөр билбегендиктен журналисттер тарабынан эч кандай суроолор жаралган эмес.

Олдмен алгачкы ирет 1987-жылы актриса Лесли Мэнвиллге үйлөнүп, 1 уулдуу болгон соң ажырашып кеткен. 1990-жылы Ума Турман экөө баш кошуп, эки жыл бирге жашашкан. Аны менен ажырашкандан кийин Донье Фиорентиного үйлөнгөн. Жубайлар 2 балалуу болгондо ажырашып кетишкен. 2008-жылы 4-ирет жаз аткаруучусу Александра Эденборо менен үй-бүлө күтүп, 2015-жылы ажырашышкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан