Түркмөнстандын Ашхабад шаарында 17-27-сентябрь аралыгында өтүп жаткан уруш түрлөрү боюнча жабык имараттагы V Азия оюндарында Кыргыз кикбоксчу Айбек Дүйшембиев коло медалын тагынды.
Айбек Дүйшембиев 69 килограммга чейинки салмак ченинде күч сынаган. Алгачкы беттеште иорданиялык мушкерге туш келген, анда Кыргыз спортчу 3:0 эсебинде жеңип алган. Жарым финалда түркмөнстандык Санзарбек Сапаев менен беттешип жеңилүү ызасын тарткан. Бул жыйынтык менен Кыргыз мушкери коло медалына татыды.
Учурда Азия оюндарында Кыргыз өлкөсүнүн капчыгында 51 медаль бар. Алардын ичинен 7 алтын, 15 күмүш жана 29 коло медалдар. Жалпы медалдык эсепте Кыргыз өлкөсү 11-орунда жайгашты. Ал эми мелдештерге 62 өлкөдөн спортчулар катышууда.