Жогорку Кеңештин депутаты Аида Салянованын соту уланууда. Сот отурумду улантуу саат 13:30га белгиленгени менен Салянованын жактоочусу Чынара Жакупбекованын башка сот ишине катышып калгандыгына байланыштуу аны күтүп отуруп, ишти кароо 14:30да башталды. Бирок Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Эркингүл Иманкожоева да кечигип келгендиктен сот аны киргизбөөгө аракет кылды. Салянованын өтүнүчү менен экс-депутат залга киргизилди.
Залда отургундар "бул аял Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты" деп айтканына сот жооп кайтарды. "Бул жер силерге "Ош базарбы?" Кайсы жеринде жазылып турат "депутат" деп. Депутаттарда тартип деген барбы?" - деди сот Кубанычбек Касымбеков.
Эскерте кетсек, бүгүн, 25-сентябрда Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунда Жогорку Кеңештин депутаты Аида Салянованын үстүнөн козголгон кылмыш иши боюнча сот отуруму уланууда. Бүгүнкү күн тартибинде жарыш сөзгө чыгуу пландалган.