Жабык имараттагы Азия оюндары: Айсулуу Тыныбекова атаандашын 36 секундда жеңип финалга өттү

Түркмөнстандын Ашхабад шаарында 17-27-сентябрь аралыгында өтүп жаткан уруш түрлөрү боюнча жабык имараттагы V Азия оюндарында балбан Айсулуу Тыныбекова финалга чыкты. Эми ал алтын медалды жеңгенге аракет жасайт.

Айсулуу Тыныбекова 58 килограммга чейинки салмак ченинде күрөшүп алгачкы беттешинде япониялык Акие Ханайды жеңген. Жарым финалда Тыныбекова вьетнамдык балбанга туш келип жеңишке жеткен. Эми Кыргыз балбан финалда кытайлык Пей Сингру менен беттешет.

Андан тышкары 75 килограммга чейинки салмак ченинде Айпери Медет кызы жана 53 килограммга чейинки салмак ченинде Назира Марсбек кызы коло медалдар үчүн күрөшөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (15)
Leilek-razzakov
2017-09-25 15:56:03
Азаматсын Айсулуу! Финалда кытайлыкты да секунда женип салгын. Ийгилик!
+8
isabek1977
2017-09-25 20:34:24
Leilek-razzakov,Бул кыз кыргыздын намысы учун торолгон бугунку кундун Кыз Сайкалы.Ар дайым кыргыздын желегин бийикте желбирете бер азамат.Эр жигиттерибиз жаратпаган ийгиликтерди ушул кызыбыз жаратууда.
+4
ALMAAAN
2017-09-25 16:13:50
Ийгилик Айсулуу
+6
ykybalovich89
2017-09-25 16:15:45
алга кыргыздын эр журок балбандары. ага Айсулуу
+6
Isco23
2017-09-25 16:19:11
Молодец красавица
+7
Syn4y
2017-09-25 16:31:46
uwundan koro olimpiadadan jenbeisinerbi
-15
Nendi15
2017-09-25 18:18:32
Syn4y, ээ сынчы болбой Айсулуунун жеткен эмгектеринин бирөөсүнө жетип алып анан сында Дадин
+5
modem4999
2017-09-25 19:05:33
Nendi15,10жолу отжимания кыла алаар бекен.
+3
Syn4y
2017-09-25 22:34:20
Nendi15,30ду жасайм
-2
Nendi15
2017-09-26 06:15:00
Syn4y, 30 ду жасап жок дегенде мектептен мактоо баракчасын алганына күмөнүм бар,экрандын алдында баатыр болгончо азда болсо Айсулууга колдоо көрсөтсөн дем күч болот.
+1
Tyty1990
2017-09-25 17:40:53
Азамат Айсулуу! Мен 36 секундта 100 метрге чуркап баргыча айсулуу утуп койот экен.
+3
Zizika88
2017-09-25 22:10:11
Tyty1990,мен 100м 12 секундда чуркайм.
0
TalaCSKA
2017-09-25 21:10:41
Байкуш атандаашы тушунбой деле калган экенда )) азаматсын Айсулуу финалда ийгилик .
+3
grace
2017-09-25 22:23:07
Алтын кыз Айсулуу, кыргыздын чемпион Кызы! Жеңиш гана каалайбыз!
+2
bosmos77777
2017-09-26 01:05:48
Алга Кыргыз! Манас атабыз колдосун!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан