Москва шаардык прокуратурасы Кыргыз жаранын "Кытай жана вьетнамдык жарандарды тоноду" деп шектеп күнөөлөөдө. Бул тууралуу Орусиянын маалымат агенттиктери жазды.
Анда белгилүү болгондой, 23 жаштагы Кыргыз Республикасынын жараны тоноочулукка шектелип, тактап айтканда, турак жайга мыйзамсыз кирип адамдарды тоноого айыпталганы жазылат.
Тергөөнүн алгачкы версияларына таянсак, аталган Кыргыз жараны башка жолдоштору менен топ болуп алышып турак үйлөрдөгү лифттерден адамдарды тоношкон.
"Биринчи кол салуу 2016-жылдын 22-сентябрында орун алган. Анда Кытайдын 2 жаранын лифттен коркутуп тоношкон. Лифтке түшкөндө шектүүнүн жолдоштору эшикти жаап лифтти жылдырбай турушкан дагы, ошол учурда шектүү тапанчага окшош нерсе менен жабырлануучуларды коркуткан. Алардын бири жабырлануучунун бирөөнү 3 жолу башка чаап, колундагы сумка, уюлдук телефондорун, үстүндөгү күрмөлөрүн чечип алып качып кетишкен. Жабырлануучулар уурулардан жалпы 157 миң рублдук чыгым тарткан", - деп жазылат маалыматта.
Ушул сыяктуу эле тоноочулук бир айга жетпей кайра катталып, ага Вьетнамдын жарандары кабылышкан. Бул эки кылмыш ишине шектелип кармалган Кыргыз жараны учурда тергөө абагына киргизилип сурак берүүдө.