Ирандын Тербиз шаарында 15-17-октябрь күндөрү өтө турган футзал боюнча Азия чемпиондугунун тандап алуу этабына Кыргыз улуттук курама командага 16 спортчу чакырылды. Футзалчылар 1-9-октябрь аралыгында окуу-машыгуу жыйындарын өткөрөт. Бул тууралуу Кыргыз өлкөсүнүн футбол федерациясы маалымдайт.
Маалымдай кетсек, футзал боюнча 2018-жылы өтө турган Азия чемпиондугунун тандоо этабында Кыргыз өлкөсүнүн курама командасы “А” тайпасына кирип Өзбекстан, Түркмөнстан, Непал курамаларына туш келген. “В” тайпасында Иран, Тажикстан, Ооганстан курамалары жайгашкан. Тандап алуу этабынын жыйынтыгында ар бир тайпадан бирден команда финалдык этапка өтөт.
Футзал боюнча улуттук команданын курамы:
Дарбазачылар: Виталий Зубарев ("Мурас"), Кирилл Ермолов ("Жети-Суу", Казакстан).
Коргоочулар: Каныбек Өмүрсултанов, Улан Байгазы уулу (экөө тең "Востокэлектро"), Келкел Анарбеков ("Фарватер"), Акылбек Анарбек уулу ("Sun City"), Манас Абдрасул уулу (EREM).
Чабуулчулар: Мирлан Жолдубаев, Актай Таштанов, Арстанбек Турсунов, Азимжан Юнусов (бардыгы "Sun City"), Дилшат Кадыров (Мурас"), Эмил Канетов (клубу жок), Адилет Иманбеков ("Алга"), Максат Алимов ("EREM"), Улан Батырбек уулу ("Талас").
Башкы машыктыруучунун милдетин аткаруучу - Амиржан Муканов.