ЖЫЛНААМА, 26-СЕНТЯБРЬ: Мындан 7 жыл мурун көпчүлүккө "Титаник" тасмасы аркылуу белгилүү америкалык актриса Глория Стюарт каза болгон

Мындан 7 жыл мурун, тактап айтканда, 2010-жылы 26-сентябрда көпчүлүккө "Титаник" тасмасындагы ролу аркылуу белгилүү америкалык актриса Глория Стюарт 101 жашында каза болгон. Анын өлүмүнүн себеби катары рак оорусу менен жабыркагандыгы саналып, актрисанын кызы Сильвия Томпсон апасы ооруга анчейин маани бербей келгендигин айткан.Актрисанын жаш кези

Глория Стюарт актрисалык карьерасында 70тен ашуун тасмада роль жараткан. Аны ийгиликке жеткирген, албетте, Жеймс Кэмерон режиссёрлук кылган "Титаник" тасмасындагы карыган Роуз Калверттин ролу болгон. Кызыгы, тасмада да Роуз 101 жашында каза болот. Ал эми Стюарт аталган фильмге тартылып жүргөн убакта 86 жашка аяк баскан. Мына ушул аткарган ролу үчүн "Оскар", "Алтын глобус" сыйлыктарына көрсөтүлүп, бирок жеткен эмес.

Карьерасында бир гана кино тармагында эмгектенбестен, телевидение менен театрда да кызмат өтөгөн. Ошондой эле 1950-жылдары сүрөт тартуу менен алектене баштаган.

Актриса 1910-жылы 4-июлда АКШнын Санта-Моника штатында туулуп, 22 жашынан тарта чыгармачылык чөйрөгө аралаша баштаган.

26-сентябрдын жылнаамасы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан