Сот депутат Салянованын коомдук жактоочусун конвойлорду чакырып залдан күч менен чыгарып салууну буйруду

Бишкектин Ленин райондук сотунда депутат Аида Салянованын кылмыш иши боюнча сот уланууда. Сот айыпталуучунун коомдук жактоочусу Рабига Сыдыкованы жарыш сөздө иш материалдарына тиешеси жок сөздөрү сүйлөп жатат жана мурда айтылгандарды кайталоодо деген негизде аны жарыш сөздөн четтетип салды. Мындан кийин сырттан конвойлорду чакырып аны залдан күч колдонуу менен чыгарып салууну буйруду. Бирок Салянова конвойлорго "чыгарсаңар да соттун чечими менен чыгаргыла. Чечим жок болгондон кийин силер чыгара албайсыңар. Эгерде сот ушундай чечим кабыл алса, эртең жооп берип калат", - деди. Мындан кийин конвойлор сыртка өздөрү чыгып кетишти.

Сот Рабига Сыдыковага эртеңден тартып сотко киргизилбей турганын айтты.

Аида Салянованын сотунда коомдук жактоочуну чыгарып салуу аракети жасалды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан