29-май күнү белгилүү орусиялык баскетболчу Денис Полохин (сүрөттө) Кыргызстанга келип, "Ай-Айкен" жана "Гиннесс-29" спорт клубдарында тарбияланып жаткан кыргызстандык жаш спортчуларга мастер-класс өтөт. Белгилей кетсек, 1980-жылдары ал кездеги жаш спортчу Полохин баскетболдогу алгачкы кадамдарын Бишкектен баштап, машыктыруучу Виталий Кириченкодон тарбия алган. Таланттуу спортчу андан ары Воронеж шаарындагы спорт мектебинде машыгат. Бир нече жылдан кийин ал Москванын атактуу ЦСКА клубуна кирет. Ошондой эле Полохин бир нече ирет Орусиянын өспүрүмдөр курама командасына чакырылып, ар кайсы маалда Жогорку Лигадагы "Триумф" жана "Спартак-Приморье" клубдарында ойногон.