Жабык имараттагы Азия оюндары: Самбочу Орозбек Автандил уулу күмүш медалын тагынды

Түркмөнстандын Ашхабад шаарында 17-27-сентябрь аралыгында өтүп жаткан уруш түрлөрү боюнча жабык имараттагы V Азия оюндарында Кыргыз самбочу күмүш медалын жеңип алды.

Орозбек Автандил уулу 62 килограммга чейинки салмак ченинде күрөшүп чейрек финалда ирандык Алиреза Чераги менен беттешип 8:1 эсебинде жеңип алган. Жарым финалда Кыргыз спортчу өзбекстандык Улугбек Хакимовду жеңип финалга чыккан. Финалдык баскычта Орозбек Автандил уулу түркмөнстандык Керимберди Давлетовго туш келип жеңилип калган. Муну менен Кыргыз самбочусу күмүш медалын тагынды.

Учурда Кыргыз өлкөсүнүн капчыгында 53 медаль бар, алардын ичинен 7 алтын, 16 күмүш жана 30 коло медалдар. Жалпы медалдык эсепте Кыргыз өлкөсү 11-орунда жайгашууда. Ал эми мелдештерге 62 өлкөдөн спортчулар катышууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
ALMAAAN
2017-09-25 20:47:23
Азамат эркек
0
Derzki_kyrgyz
2017-09-25 23:03:52
Кана биздин 8-алтыныбыз жонундо маалымат?
0
admin_superstan
2017-09-26 10:28:59
Derzki_kyrgyz, саламатсызбы! Бул жактан окуңуз.
https://www.super.kg/kabar/news/203301/
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан