Орусиянын Кемерово облусунда Кыргыз жарандары катышкан жол кырсыгы болду. 26-сентябрда Орусиядагы Кыргыз элчилиги билдиргендей, окуя 25-сентябрда аталган райондогу трассалардын биринде орун алып, 38 жаштагы жүргүнчү аял каза тапкан.
Березовский шаарындагы Борбордук клиникалык оорукананын дарыгеринин маалыматы боюнча, кырсыкта айдоочу жана 6 жүргүнчү жаракат алып, Кемерово шаарындагы №2-мамлекеттик клиникалык ооруканага жана Березовский шаарындагы Борбордук шаардык ооруканага жеткирилген. Каза тапкан жарандын жакындарына кабар берилгени айтылат маалыматта.
Элчилик окуяны көзөмөлгө алганын билдирди.