Түркмөнстандын Ашхабад шаарында 17-27-сентябрь аралыгында өтүп жаткан уруш түрлөрү боюнча жабык имараттагы V Азия оюндарында Кыргыз спортчулары күрөш жана кикбокс боюнча күмүш медалдарына ээ болушту.
Балбан Айсулуу Тыныбекова кыз-келиндер арасындагы күрөш боюнча 58 килограммга чейинки салмак ченинде катышкан. Алгачкы беттешинде япониялык Акие Ханайды жеңип, жарым финалда вьетнамдык балбанга туш келип 36 секунддун ичинде жеңишке жеткен. Мындан соң финалдык баскычта кытайлык Пей Сингру менен күрөшүп 1:4 эсебинде жеңилип калды. Жыйынтыгында Айсулуу Тыныбекова күмүш медалын тагынды.
Мушкер Алексей Федосеев кикбокс боюнча 63 килограммга чейинки салмак ченинде катышып алгач кытайлык мушкердин үстүнөн жеңишке жеткен. Жарым финалда ирандык балбанга туш келип калыстардын чечими менен жеңип, финалга жолдомо алган. Финалда Алексей Федосеев түркмөнстандык Мухамет Алтыбаев менен кез келип 1:2 эсебинде жеңилип калды.
Учурда Азия оюндарында Кыргыз өлкөсүнүн капчыгында 59 медаль бар. Алардын ичинен 8 алтын, 18 күмүш жана 33 коло медалдар. Жалпы медалдык эсепте Кыргыз өлкөсү 10-орунда келе жатат.