Майкл Жексондун "түгөйү" пайда болду

Америкалык Лурдес Савалета аттуу кыз социалдык тармактагы баракчасына поп-музыканын падышасы Майкл Жексонго куюп койгондой окшош адамдын сүрөтүн жарыялап, астына "Карагылачы, менин жигитим кандай сүйкүмдүү. Бул селфини азыр эле жөнөттү", - деп жазган. Интернет колдонуучулары аны кызуу талкуулашып, аталган пост аз күндүн ичинде 11 миңден ашуун "жакты" белгисин топтоп, 3 миңден ашык жолу бөлүшүлгөн.

Көп өтпөй кыз аны тамаша иретинде жазганын, ал адамды тааныбай турганын билдирген. Ал эми сүрөттөгү жигит маркум ырчынын 21 жаштагы күйөрманы Сергио Кортес экени белгилүү болгон. Америкалык басылманын маалыматына караганда, Кортес дүйнө жүзүн кыдырып Майкл Жексондун үнүн, манераларын, бий кыймылдарын жана кийингенин туурап концерт коюп акча табат. Учурда Сергио Кортестин социалдык тармактагы баракчасына 26 миңге чукул окурман катталган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (18)
kechirmeni
2017-09-26 10:28:02
Тугой деп бизде жубайды айтат го,мен дагы жашыруун никедеги жубайы ачыкка чыккан окшойт депмин. Бирок чындыгында окшош экен
+5
Shaa-82
2017-09-26 10:36:26
Тугойу деп эгиздин шеригин да аташат.
+5
Nargiza1987k
2017-09-26 10:40:52
Озуго тируу окшойт я
+2
Tyty1990
2017-09-26 10:42:26
Тугойу деп тырнакчага алынып жазылып турат.
+1
nurbekasr
2017-09-26 10:43:56
Майкл Жексонго окшош эле деп жазса да болот го,аябагандай окшош экен.
+1
Nevestkaa
2017-09-26 10:49:50
Куюп койгондой окшош экен.
+3
arena2014
2017-09-26 10:54:15
Двойниги деп жазыш керек эле)))
0
Pandora
2017-09-26 11:30:48
arena2014,"Двойниктин"-кыргызчасы тугой болуп аталат эгиздердин пайын ошентип аташат.
+4
Leilek-razzakov
2017-09-26 11:00:03
Башка сайтта Майкл Жексондун никесиз торолгон баласы болушу мумкун же операция жасаткан деп талкуулап жаткан.
0
Nevestkaa
2017-09-26 11:06:40
Leilek-razzakov,операция жасатканы көрүнүп турбайбы.Булар ал нерсеге жетүү үчүн операц.да барышат.
+2
Pandora
2017-09-26 11:32:00
Leilek-razzakov,Никесиз торолгон баласы болгондо капкара,мурду барбайган болуш керек.Пластикалык операция жасалган
+7
alibekova94
2017-09-26 11:35:55
Pandora, Tuura pzu kara bolcu
+2
Arsenim
2017-09-26 11:11:23
Okwowko
0
Saidochka
2017-09-26 11:47:44
Чын эле укмуштай окшош экен
0
kechirmeni
2017-09-26 12:08:00
кыргыз тилине жаны термин киргизип "Тугойник" деп коюш керек ))
+3
Janusia
2017-09-26 12:16:51
kechirmeni,:-)))))
0
AKCAHAT
2017-09-26 13:04:28
Копияго, тообо. Бирок Дексонго салыштырмалуу бир аз табигый сулууоук бар Жексон ашыкча куурчак манекен сыяктуу. Бирок дуйнонун музыка падышасы экенине талаш жок, чыныгы талант, чыныгы легенда. Миллиардаган адамдардын журогундо калат.
+3
Kroxa
2017-09-27 00:16:13
Деньги.. Деньги..все вожно когда миллионы есть..
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан