Жабык имараттагы Азия оюндары: Бүгүн Үзүр Жусупбеков, Руслан Царев жана Калы Сулайманов килем үстүнө чыгышат

Түркмөнстандын Ашхабад шаарында 17-27-сентябрь аралыгында өтүп жаткан уруш түрлөрү боюнча жабык имараттагы V Азия оюндарында Кыргыз спортчулар күрөш боюнча мелдешке катышат.

Бүгүн, 26-сентябрда күрөштүн грек-рим стилиндеги мелдештер өтөт, анда Кыргыз өлкөсүнөн 8 балбан килем үстүнө чыгып алдынкы орундарды ээлегенге аракет жасашмакчы.

Кыргыз балбандардын атаандаштары:

59 килограммга чейинки салмак ченинде:

Калы Сулайманов - Карра Албедхан (Ирак);

66 килограммга чейинки салмак ченинде:

Нурбек Абдуганиев - Жинксин Донг (Кытай);

71 килограммга чейинки салмак ченинде:

Руслан Царев - Фаршад Фелфакех (Иран);

75 килограммга чейинки салмак ченинде:

Кайрат Түгөлбаев - Сейлитлу Мауга (Самоа);

80 килограммга чейинки салмак ченинде:

Атабек Азисбеков - Аманалы Атаев (Түркмөнстан);

85 килограммга чейинки салмак ченинде:

Азат Бейшебеков - Канта Шиокава (Япония);

98 килограммга чейинки салмак ченинде:

Үзүр Жусупбеков - Мирзоамин Сафаров (Тажикстан);

130 килограмм салмак ченинде:

Мурат Рамонов - Сулейман Беллиев (Түркмөнстан).

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан