Түркмөнстандын Ашхабад шаарында 17-27-сентябрь аралыгында өтүп жаткан уруш түрлөрү боюнча жабык имараттагы V Азия оюндарында Кыргыз балбандар финалга өттү. Эми алар алтын медалдарды жеңгенге аракет көрүшөт.
Бүгүн, 26-сентябрда Азия оюндарынын 9-күнү грек-рим күрөшү боюнча мелдеш старт алган. Ага Кыргыз өлкөсүнөн 8 балбан катышкан. Алардын ичинен 3 балбан финалга өтүп, эми алтын медалдар үчүн күрөшөт. Андан тышкары дагы 2 балбан коло медалдар үчүн күрөшкөнгө мүмкүнчүлүк алышты.
Финалдык этапка Үзүр Жусупбеков, Калы Сулайманов жана Атабек Азисбеков өттү. Ал эми коло медалдар үчүн Руслан Царев жана Азат Бейшебеков күрөшөт.
Кыргыз балбандардын атаандаштары:
Финал:
59 килограммга чейинки салмак ченинде:
Калы Сулайманов - Мохсен Хажи (Иран)
80 килограммга чейинки салмак ченинде:
Атабек Азисбеков - атаандашы аныктала элек;
98 килограммга чейинки салмак ченинде:
Үзүр Жусупбеков - Амирхосейин Хосейни (Иран).
Коло медалдар үчүн:
71 килограммга чейинки салмак ченинде:
Руслан Царев - Арам Варданян (Өзбекстан);
85 килограммга чейинки салмак ченинде:
Азат Бейшебеков - Хусейин Мутсолгов (Казакстан).