Ысык-Көлдө белгисиз адамдын жансыз денеси табылып, аны таануу кыйынга турууда

Ысык-Көл облусуна караштуу Жети-Өгүз районунун Чырак айылында белгисиз адамдын жансыз денеси табылганын өздүк булактар кабарлашты. Каза болгон адамды кимдир бирөөлөр өлтүрүп, башына дөңгөлөк кийгизип өрттөп кетишкен. Учурда аны таануу мүмкүн эмес болууда деп кабарлайт аталган булак.

"Айылдагы көлмөнүн жанынан белгисиз бирөөнүн жансыз денеси табылды. Сөөктүн табылганына бир аптадай болуп калды. Аны таануу мүмкүн эмес. Башына дөңгөлөктү кийгизип туруп өрттөп салышкан экен. Жаактарында тиш салууда пайдаланган металлдары (коронкасы) гана калыптыр. Милиция кызматкерлери дене кимге таандык экенин издеп жатат", - деп айтылат маалыматта. Ошондой эле ал коңшу Аң-Өстөн айылында бир адам 5 күндөн бери дайынсыз жоголуп, аны да издөө иштери жүрүп жатканын кабарлады. "Ал айылдагы кайсы бир тойдон кийин унаасын айдап чыгып кеткен экен. Эми милиция ал айылдагы ар бир үйдү кыдырып издеп жатышат. Жоголгон адамдын унаасы дагы дайынсыз болууда".

Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБинин маалымат кызматына байланышканыбызда, бул тууралуу төмөнкүдөй жооп беришти:

"Жансыз дене табылгандыгы чындык. Учурда иликтөө иштери жүрүүдө. Аң-Өстөндөн эч ким адам жоголгондугу тууралуу милицияга арыз менен кайрылган эмес. Ошол себептен сөөктүн табылышы менен аң-өстөндүк адамдын жоголушун байланыштыруу кыйын", - дейт аталган кызмат. Ошондой эле белгисиз дененин ким экендиги аныкталса кабарланат деп кошумчалады аталган кызматтан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
zhykyo
2017-09-26 16:49:17
Башын орттоп кетишиптир да ээ
+3
Gulnyr19
2017-09-26 17:09:40
Тобаа кылдым кандай гана мыкаачы болуп кетип жатат адамдар Аллахым ыйман бере кор элибизге
+4
Atas
2017-09-26 17:22:48
Bisde DNK degen kyzmattardy ishke ashyrysh kerek , oshondo bir az jenil bolmok
+3
Karban86
2017-09-26 17:24:26
Тообо эч ойлонбой калдыго адамдар кийинкилигин ойлошпойбу
+2
umar_official
2017-09-26 17:36:26
чечендерден ашып кеттик го кыргыздар
+3
jigit.paren
2017-09-26 18:02:48
Атаны кокуй күн аййе бул менин айылым да ким болду экен эми
+2
Elnura08
2017-09-26 19:49:05
Мыкаачылардын озун орттоп,оздоруну да мыкаачылык мн олтуруш кк,эмне мынча айбан болуп баратабыз эээ
+1
Kroxa
2017-09-26 21:45:58
Чырак айылыбы билбейм менин мурдагы кошуна жашаган эженин баласы олуп морггдон кечее алып кетишти Жети-Огузго дешти..кайран бала 3 кызы суйкайган келинчеги калды..бирок ал башка жакта жашачу Жети Огуз чон аталарынын жери балким башкадыр..
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан