Түркмөнстандын Ашхабад шаарында 17-27-сентябрь аралыгында өтүп жаткан уруш түрлөрү боюнча жабык имараттагы V Азия оюндарында Кыргыз бильярдчысы Ызатбек Ратбеков финалда атаандашын жеңип алтын медалды тагынды.
Ызатбек Ратбеков бильярддын "орус пирамида" түрү боюнча катышып жарым чейрек финалда казакстандык Алихан Каранеевди 5:2 эсебинде жеңген. Чейрек финалдык баскычта түркмөнстандык Аннамамед Аннамамедовду 5:2 эсебинде жеңип жарым финалга өткөн. Жарым финалда Ратбеков түркмөнстандык Ибабекир Бекдурдыевдин үстүнөн 5:2 эсебинде жеңишке жеткен. Финалдык баскычта Кыргыз спортчу казакстандык Алибек Омаровго туш келип 5:1 эсебинде (партиялар боюнча 0:8; 8:0; 8:1; 8:5; 8:0; 8:6) жеңип Кыргыз капчыгына 9-алтын медалды алып келди.
Муну менен Кыргыз өлкөсүнүн капчыгында жалпы 60 медаль топтолду. Алардын ичинде 9 алтын 18 күмүш жана 33 коло медалдар. Жалпы медалдык эсепте Кыргыз өлкөсү 10-орунда жайгашууда. Ал эми мелдешке катышкан өлкөлөрдүн жалпы саны 62.