Жабык имараттагы Азия оюндары: Кыргыз бийчилери бий спорту боюнча өлкөгө 10-алтын медалды алып беришти

Түркмөнстандын Ашхабад шаарында 17-27-сентябрь аралыгында өтүп жаткан уруш түрлөрү боюнча жабык имараттагы V Азия оюндарында Кыргыз бийчилер алтын медаль багындырышты.

Бүгүн, 26-сентябрда бий спорту боюнча мелдештер орун алды, анда Алексей Кибкало жана Татьяна Когадей самба жана пасадобль бий түрлөрү боюнча катышкан. Самба түрүнөн Алексей Кибкало жана Татьяна Когадей жарым финалда 32 упай алып мыкты көрсөткүч менен финалга өткөн. Финалда Кыргыз спортчулар 33,66 упай топтоп 1-орунду ээлеп алтын медалдарга ээ болушту.

Эми Алексей Кибкало жана Татьяна Когадей бийдин экинчи пасадобль түрү боюнча да финалга өтүшкөн, учурда алтын медалдарды жеңгенге аракет көрүшүүдө.

Белгилей кетсек, Кыргыз өлкөсүнүн капчыгында жалпы 61 медаль топтолду. Алардын ичинде 10 алтын 18 күмүш жана 33 коло медалдар. Жалпы медалдык эсепте Кыргыз өлкөсү 9-орунга көтөрүлдү. Ал эми мелдешке катышкан өлкөлөрдүн жалпы саны 62.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
Isco23
2017-09-26 17:11:59
Азаматтар куттуктайбыз 7кага киргиле жок дегенде восмеркага
+1
kechirmeni
2017-09-26 17:15:44
Тайланддан кийин 7-орунга которулдук буюрса
+2
ayman9309
2017-09-26 17:16:02
Дагы бир 1алтын алышса 7 орунга чыгышабы?
+2
take.kg86
2017-09-26 18:17:12
ayman9309, ооба кудай буйруса дагы бир алтын менен 7-орунга көтөрүлөт Кыргызстан алга кыргызымдын уул кыздары
0
Azat.97
2017-09-26 17:36:35
Калы Сулайманов алат буюрса
+2
sirgak_92
2017-09-26 18:25:59
Ким эле орустарды жамандап аткан медаль алса молодец деп каласынар
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан