Баласын өлтүрүп, таштандыга ыргыткан келиндин асынып алышы боюнча шалаакылык беренеси менен кылмыш иши козголду

Баласын өлтүрүүгө шектелип кармалып, кийин убактылуу кармоочу жайда асынып каза болгон аял.Бишкек шаардык прокуратурасы Бишкек ШИИББинин убактылуу кармоочу жайында камакта отурган келиндин асынып калышы боюнча фактынын үстүнөн Кылмыш жана Жаза кодексинин "шалаакылык" беренеси боюнча кылмыш ишин козгоду. Мындай маалыматты бүгүн Башкы прокуратуранын маалымат кызматы таратты.

"23-сентябрда Бишкек ШИИББинин убактылуу кармоочу жайында милиция кызматкерлери тарабынан тыкыр көзөмөл жок болгондуктан баласын өлтүрүп таштандыга таштоого шектелген аялдын өз жоолугуна муунуп каза болуп калышы боюнча иш козголду. Аталган иш боюнча учурда тергөө-иликтөө иштери жүрүүдө", - деп жазылат маалыматта.

Эскерте кетсек, ушул жылдын 14-сентябрь күнү Бишкектеги Кустанай жана Астрахань көчөлөрүнүн кесилишиндеги таштанды таштоочу челектен ымыркайдын жансыз денеси табылган. Бишкек ШИИББинин маалыматы боюнча, шектүү катары кармалган 30 жаштагы аялга карата Кылмыш-жаза кодексинин 100-беренеси "эненин жаңы төрөлгөн баласын өлтүрүшү" боюнча кылмыш иши козголуп, шаардык милициянын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

23-сентябрда аталган кылмышка шектелип жаткан келин убактылуу кармоочу жайда өз жоолугуна асынып каза болгондугу тууралуу маалымат тараган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
amina_kyzym
2017-09-26 17:36:53
kelin koldyn kojo9r degen jerinen okwoit
+1
surgeon777
2017-09-26 18:59:08
amina_kyzym,ош же баткен облусунан
деп жатышат жана психикалык жактан жабыркайт экен...негизи эле андай оорулууларга балалуу болууга тыю салышса дейм же балдарын башка туугандары карашса туура болот го,ушу маселеге конул бурушса
0
elnnura
2017-09-26 17:57:31
Ушул келинди боюнда кылган эркек соройду да издешсин,эмнеге ал жазасыз калат??
+21
SHERBOLAT
2017-09-26 18:30:32
Келгиле туугандар кыздарыбызды сыйлайлык.биздин кыздар чынында кор болушту.баланы кылып койгон эркеке ыйман берсин жана Алла кунолорун кечирсин эконун тен
+10
Kroxa
2017-09-26 22:04:00
Ошону карабай олгучо кароолу кайда кеткен..
+1
Karban86
2017-09-27 00:36:06
Жалган дуйно жазасынан качыптыр, аркы жактын жазасынан кантип качасын
+1
jaz99
2017-09-27 08:41:58
Кылмыш иши козголсо деле кандай пайда болот эми наристе дагы жок апасы дагы жок болсо тан калгандан башка эчтеке кылалбайсын.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан