Түркмөнстандын Ашхабад шаарында 17-27-сентябрь аралыгында өтүп жаткан уруш түрлөрү боюнча жабык имараттагы V Азия оюндарында Кыргыз спортчулар самбо жана бий спорту боюнча коло медалдарын тагынышты.
Мухаметали Эргешев самбо боюнча 52 килограммга чейинки салмак ченинде катышкан. Ал жарым финалда түркмөнстандык Энис Мердановго 0:8 эсебинде жеңилип калган. Кыргыз самбочу атаандашы финалга өткөн үчүн коло медаль үчүн күрөшкөнгө мүмкүнчүлүк алды. Анда Кыргыз спортчу филиппиндик Робин Каталанга туш келип 13:3 эсебинде жеңишке жетти.
Бий спорту боюнча мелдеште Алексей Кибкало жана Татьяна Когадей пасадобль бий түрүндө катышып финалга өткөн. Финалда Кыргыз бийчилер 32,708 упай алып 3-орунду ээлеп коло медалдарын камсыздашты. Ошентип Кыргыздын пайдасына 35-коло медал буюрду. Ал эми алтын медалды кытайлык бийчилер алса, күмүш медалдарын гонконгдук спортчулар жеңип алышты.
Бул жыйынтык менен Кыргыз өлкөсүнүн капчыгында 63 медаль топтолду. Алардын ичинде 10 алтын, 18 күмүш жана 35 коло медалдар. Жалпы медалдык эсепте Кыргыз өлкөсү 9-орунда жайгашууда.