Орусиялык актриса Наталья Юнникова бүгүн, 26-сентябрда 37 жашында каза тапты. Бул тууралуу орус басылмалары жазып чыгышты.
Белгилүү болгондой, актриса бир нече саат мурун Москвадагы ооруканалардын биринде көз жумган. Ал буга чейин өзүнүн үйүндө кокустан башы менен катуу кулап кеткендиктен дароо ооруканага жеткирилген. Бирок дарыгерлер анын мээсине көп кан куюлуп кеткендигин айтышып, абалы начар экенин билдиришкен.
Наталья Юнникова көпчүлүккө "Ашкана" сериалы, "Желе" тасмасы жана "Мухтардын кайтып келүүсү" сериалындагы Василиса Михайлова аттуу лейтенанттын ролу менен белгилүү.