Таласта 7-класстын окуучусу төрөдү. Ымыркайдын атасына кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүүдө

Талас облусунда жетинчи класстын окуучусу көз жарды. Ал төрөт үйүнөн чыгарылып, азыркы тапта өз энесинин үйүндө. Бул тууралуу 26-сентябрда SUPER.KG'ге акыйкатчынын облустагы өкүлү Жакшыгүл Узакбаева кабарлады. Анын айтымында, кыз балага турмушка чыгып, экөө бирге жашап жүрүшкөн.

"Бир жума мурун облустук прокуратурадан окуучу кыздын көз жарганы тууралуу маалымат берилген. Ал кыз уул төрөп, азыр өз апасынын үйүндө. Ал жолдошу менен буга чейин жашап жүрүшкөн экен", - деди Узакбаева.

Эскерте кетсек, "14 жаштагы кыз менен жыныстык катнашка барды" деген негизде анын 18 жаштагы жолдошуна кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүрүп жаткан.

Айрым маалыматтарга караганда, кыз менен бала 2016-жылдын декабрь айында жыныстык катнашта болушкан. Муну кыздын ата-энеси билип калгандан кийин экөө үйлөнүшкөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (30)
zahira
2017-09-26 21:59:01
Аллах сакта шумдук эле окуялар болуп ататго. Озу бала болуп туруп эне статуска ээ болду. ▶☆ Тааба эмес тооба қыламын . Уул кыздарыбызга ыйман ынсап берсин,шайтандын азгырыктарынан сактасын Жараткан .
+7
Aisuluushka01
2017-09-26 22:15:25
Адамдар эмне эле болуп атышат?!7-класс деген эмне деген гана кез тооба.Кудай сактааа
+8
kelemdedin
2017-09-26 22:27:50
Журогун титирейтго уул- кыздарыбызга ынсап берсин.
+9
bekturganova
2017-09-26 23:00:41
Бактылуу болушсун ымыркайдын ден соолуугуу чын болсун .Эч намыстанба эне болдум болдум.торобой калгычакты согончогун канаганы жакшы сага алкыш жана данк.
-5
madina.87
2017-09-26 23:22:11
Кудай сактасын,баарыбызда кыз бар тооба кылдым.
+7
Tansuluu09
2017-09-26 23:41:46
Уят ата-энесинин жузун, айылын , баарын, баарын уят кылды
-2
Snejana
2017-09-27 03:21:24
Tansuluu09,уят деп журуп,туалетке таштагандар кобойду, олтуруп таштанды челекке ыргыткандар кобойду. Андан коро тороп алганы жакшы болуптур. Болгону эрте жетилиптир. Куйоосу чыдап, куто турса болмок экен.
0
Gulnaz.GS
2017-09-27 00:06:11
азыркы акылым болгондо менда ээрте тороп балалуу болмокмун.омуру узун болуп бактылуу болушсун
+12
osor
2017-09-27 00:13:47
Эмнеге биз адамдарды ушак кылганга 1 чи оорунда турабыз тым койгула бактулуу болсундар биздеда уул кыздар бар бунтип элге жарыялап эмне табасынар аларда жаштык кезин ата энеге алмаштыргандан окунуп жаткандыр аларды жарыя кылып балта чабылган бактыга дагы балта чапагыла
+8
Birimdik5555
2017-09-27 00:57:30
Ымыркайдын омуру узун,ден-соолугу чын,бактылуу болсун,атасын жоопко тартпай эле уй-булонду омур бою бакканга милдеттуусун деп тушундуруш керек. Наристе оз ата-энесинин мээримине болонуп чонойсун
+9
Abdyrashit.Satylganov
2017-09-27 01:08:31
Эми болор иш болду...ымыркайдын атасы, жаш наристеге жана жаш энеге камкордук корушу керек...аны камаганда эмне пайда? Бактылуу болушсун!!! Окууну эми буттум дегенде баласы окууга барып калат экен....
+10
Paolo
2017-09-27 02:54:13
Эми уйлонушсо кылмыш ишин козгобой эле коюшпаптыр и так азыр ажырашкандар чачтан коп но все же что по делаешь ЗАКОН
+3
Tyty1990
2017-09-27 07:23:40
Менин оюмча соттош керек баланы
0
bek_07
2017-09-27 08:32:00
Аяш балалуу болдум ватяааать ))
+2
Batma08
2017-09-27 14:02:42
bek_07,ха ха сенда эртерак уйлон
0
toma95
2017-09-27 10:49:23
эмнеге баарына эле ата-эне куноолу?
-4
kenje-888
2017-09-27 16:14:48
toma95,Жашы жете элек балдарга ата эне жооптуу болот ошондуктан ата эне куноолуу энеси озгочо кунолуу. Эми болоор иш болуптур жакшынакай эки жактын ата энеси колдоп жаш уй булоого жардам бериш керек уй жай кылып небересинин коопсуздугун ойлош керек. Сен ушуну кылдын деп уршканда пайда жок дагы анан ажыраштырып баланы атасыз кылып кашасын чыгарбай сот жайына койгула бул жаш уй булоонун!!!
+2
friendwipkg
2017-09-27 17:59:36
Эми мектептерге, бакчаларга да гандон таркатыш керек.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан