Өлкөдө Өзбекстандын маданият күндөрү өтөт

Бишкек жана Ош шаарларында 6-7-октябрь күндөрү Өзбекстандын маданият күндөрү өтөт. Ага аталган өлкөнүн расмий өкүлдөрү, маданий ишмерлери, чыгармачыл топторунун катышуусу күтүлүүдө.

Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен маалымдашты.

Белгилүү болгондой, 6-октябрь күнү Бишкек шаарында Өзбекстандын расмий делегациясынын катышуусунда "Ойкиз эртаги" фильми көрсөтүлүп, кечкисин Т.Сатылганов атындагы улуттук филармонияда өзбек ырчыларынын концерти орун алат.

Ал эми 7-октябрда маданият кечелери Ош шаарында өтүп, "Сейтек" кинотеатрында жогоруда аталган тасма көрсөтүлөт. Мындан тышкары Султан Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрында өзбек чыгармачыл инсандарынын концерти өтөт. Ошондой эле маданият күндөрүнүн алкагында "Заманбап Өзбекстан" аталышындагы сүрөт көргөзмөсүнүн уюштурулуусу күтүлүүдө.

Өзбек делегациясын кайрадан узатуу 8-октябрга пландалган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Rifle_I
2017-09-27 09:40:54
Өзбекистандын гимни менен баштап жүрбөгүлө !!!
Мындай окуя Ошто бир мектептерде катталган да. Өзбекистандын гимни менен мектептин бир аземин ачып жатканда, кыргыз жигит токтотом деп камалып айып пулга жыгылган.
+3
energy
2017-09-27 09:50:17
Озбекстанда ушиндип Кыргызстандын маданиятын откозот бекен а.Озбектердин конулуну которо бергилечи кайсы куну башынарга чыгып алаар экен
+4
Rifle_I
2017-09-27 13:43:24
energy,башка мамлекеттерде да өткөрөт кыргыздар.
0
AYTEN_91
2017-09-28 13:20:40
Жакшы бирок,абайлаш керек бир куну дагы аркадан бычак урушпасын.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан