Кыргыз-Кытай чек арасында күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Илимдер академиясынын Сейсмология институтунан билдиришти.
Маалыматка караганда, жер силкинүү 26-сентябрь күнү саат 17:23 чамасында болгон. Анын күчү эпицентринде 4 баллга жетип, Эркеч-Там, Нура, Көк-Суу айылдарында 3,5 балл сезилген.
Зилзаланын очогу Эркеч-Там айылынан түндүккө карай 4 чакырым, Көк-Суу айылынан чыгышка карай 13 чакырым алыстыкта жайгашкан.