17-сентябрдан бери Түркмөнстандын Ашхабад шаарында өтүп жаткан жабык имараттагы V Азия оюндары бүгүн, 27-сентябрда жыйынтыкталат. Бул күндөр аралыгында Кыргыз өлкөсүнүн спортчулары жалпы 70 медаль утуп алышты. Алардын 13ү алтын, 20сы күмүш, 37си коло. Муну менен Кыргыз өлкөсү жалпы медалдык көрсөткүчтө 8-орунга көтөрүлдү.
Кечээ, 26-сентябрда өткөн мелдештерде Кыргыз спортчулары 5 алтын, 2 күмүш, 4 коло медаль тагынышкан. Бильярддын "кураштырма пирамида" түрү боюнча Ызатбек Ратбеков, спорттук бийдин самба түрү боюнча Алексей Кибкало менен Татьяна Когадей, мушташ түрүндөгү самбодон Жаныбек Аматов жана спорттук самбодон Жамалбек Асылбек уулу, грек-рим күрөшүнөн Калы Сулайманов алтын медаль утуп алышкан.
Ал эми күрөштүн грек-рим стилинде Үзүр Жусупбеков менен Атабек Азизбеков күмүш медаль алышса, мушташ түрүндөгү самбодон Мухаметали Эргешев, Алайбек Үмөтов жана спорттук самбодон Арсен Камчыбеков, спорттук бийдин пасадобль түрү боюнча Алексей Кибкало менен Татьяна Когадей коло медаль алышкан.