Аида Салянованын кызы ооруп, ооруканага жатканына байланыштуу соттук отурум башка күнгө жылдырылды

Бүгүн, 27-сентябрда Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунда Жогорку Кеңештин депутаты Аида Салянованын иши каралмак. Бирок сотто жактоочусу Чынара Жакупбекова Салянованын кызы ооруп ооруканада экендигин, ага байланыштуу башка күнгө жылдыруу өтүнүчүн келтирди. Тараптардын пикирлерин сурап сот отурумду 29-сентябрда улантуу чечимин чыгарды.

Айта кетсек, 2016-жылдын декабрь айында Саляновага "кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Ал "Юстиция министри болуп турганда кылмыш жасаганы үчүн издөөдө жүргөн Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын узарткан" деп айыпталууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
aisyrga88
2017-09-27 10:23:16
Кызы неге эле ооруйт Аллах шыпаасын берсин
0
nurbekasr
2017-09-27 11:31:49
Салт боюнча депутат же министр өзү ооруп калчу эле,мунусунда негизи эле ар дайым эле сотунда кызын оорута берет.Кызы жакшы болуп кетсин.
0
JJAN
2017-09-27 13:21:32
Эч ким оорубасын
0
ZHYRGAl1412
2017-09-27 16:28:28
Кызы кандай ооруу менен ооруйт экен жаман оорууу эмеспи
0
s.k.bakyt
2017-09-27 20:43:15
Ар дайым кызына шылтайт, уялбайбы, же кудайдан коркпойбу? Өзүнүн кылган ишине жооп берсин да.
0
Truelensk
2017-09-28 09:06:04
Кызы куурады айыга албай.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан