ЖЫЛНААМА, 27-СЕНТЯБРЬ: Актёр Амантур Мусаев туулган күнүн театрда өткөрүп жатканын айтты

Бүгүн, 27-сентябрда кыргыздын жаш актёру Амантур Мусаев 26 жашка толду. SUPER.KG порталы актёрду куттуктап байланышка чыкканда, ал туулган күнү жумушта өтүп жатканын айтты.

"Учурда театрда жаңы спектаклдин үстүнөн иштеп жатабыз. Биздин жумуш туулган күн, майрам деген нерселерди түшүнбөйт. Андыктан бүгүнкү күнүм театрда өтөт. Ал эми кечинде тууган-уруктарыбыз менен белгилесем керек. Азыр аны пландаганга да убакыт табылбай жатат", - деди актёр.

Белгилей кетсек, Амантур Мусаев 1991-жылы 27-сентябрда Баткен облусунун Лейлек районунда туулган, үй-бүлөдө 6 бир тууган. Ал Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук драма театрынын алдындагы окуу студиясын аяктап, учурда театр жана тасма актёру катары белгилүү. Буга чейин "Көргүм келет", "Миллиондук мелдеш", "Поларис шооласы" жана башка тасмаларга тартылган.

27-сентябрдын жылнаамасы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Lekarstvosvoegomuja
2017-09-27 14:56:30
Жагат мага ушул актер
+1
nurka_85
2017-09-27 15:23:21
Мен дагы уйдо эле откоруп жатам туулган кунду.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан