Чемпиондор Лигасы: "Портунун" футболчулары "Монакону" утушту, "Реал Мадрид" конокто 3 упайга ээ болду

Кечээ, 26-сентябрдан 27-сентябрга караган түнү Европадагы эң ири футболдук лига - Чемпиондор Лигасынын тайпалык баскычынын 2-турдук оюндары өттү. Анда 4 тайпадагы командалар беттешип айрымдары жеңип 3 упай алса, кээ бири жеңилүү ызасын тартып упайга ээ боло алышкан жок.

Бул күнү 2016-2017-сезондогу Чемпиондор Лигасынын жеңүүчүсү испаниялык "Реал Мадрид" клубу конокто германиялык "Боруссия Дортмуд" командасы менен ойноп 3:1 эсебинде жеңгенге үлгүрдү. Ошол эле 2016-2017-сезондо жарым финалдык баскычка чейин жеткен "Монако" клубу өз үйүндө португалиялык "Порту" клубун кабыл алып 0:3 эсебинде жеңилип калды. "Бешикташ" - "РБ Лейпциг" жана "Манчестер Сити" - "Шахтер Донецк" беттештеринде үй ээлери 2:0 эсебинде жеңишке жетсе, "Севилия" - "Марибор" жана "АПОЭЛ" - "Тоттенхэм" беттештеринде 3:0 эсеби катталды. "Наполи" өз талаасында голландиялык "Фейеноорд" клубун кабыл алып 3:1 эсебинде жеңип алды. Ал эми орусиялык "Спартак Москва" менен англиялык "Ливерпуль" командаларынын беттеши 1:1 эсебинде тең аяктады.

"Е" тайпасы

"Спартак" (Москва) - "Ливерпуль" (Англия) - 1:1

Голдор: Фернандо (23-мүнөттө) - Коутиньо (31-мүнөттө);

"Севилья" (Испания) - "Марибор" (Словения) 3:0

Голдор: Бен Йеддер (27, 38 жана 83-мүнөттөрдө).

"F" тайпасы

"Манчестер Сити" (Англия) - "Шахтёр Донецк" (Украина) - 2:0

Голдор: Де Брюйне (43-мүнөттө), Стерлинг (90-мүнөттө);

"Наполи" (Италия) - "Фейеноорд" (Нидерланды) 3:1

Голдор: Инсинье (7-мүнөттө), Мертенс (49-мүнөттө), Кальехон (70-мүнөттө) - Амрабат (90+3-мүнөттө)

"G" тайпасы

"Монако" (Франция) - "Порту" (Португалия) - 0:3

Голдор: Абубакар (31 жана 69-мүнөттөрдө), Лайюн (89-мүнөттө);

"Бешикташ" (Түркия) - "РБ Лейпциг" (Германия) 2:0

Голдор: Бабел (11-мүнөттө) Талиска (43-мүнөттө).

"H" тайпасы

"Боруссия Дортмунд" (Германия) - "Реал Мадрид" (Испания) 1:3

Голдор: Обамеянг (54-мүнөттө) - Бейл (18-мүнөттө), Роналду (50 жана 79-мүнөттө)

"АПОЭЛ" (Кипр) - "Тоттенхэм" (Англия) 0:3

Голдор: Кейн (39, 62 жана 67-мүнөттөрдө).

Чемпиондор лигасы 2-турдун жыйынтыгы
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Appasition
2017-09-27 11:12:47
Кудай буйруса Реал бул жылыда чемпион болот Алга реал
+4
Tyty1990
2017-09-27 11:13:51
Мен айттым эле го реал 3_1ге утат деп
+4
Tyty1990
2017-09-27 11:25:14
Реал чемпионатка эмес лиги чемпионго кобуроок конул буруп жатат менин оюмча
+4
Azat.97
2017-09-27 12:43:57
Кришти хет-трик дедим эле дубль болуп калды.Эмки оюнда хет-трик кутобуз.Алга Кришти.Алга Реал!
+2
Makkambaev97
2017-09-27 13:14:47
Хала Мадрид 13кубок алга
+2
portugalia
2017-09-28 17:39:18
Роналду азамат!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан