"Мисс Армения-2017" сулуулар сынагынын жеңүүчүсүнүн таажысын демөөрчүлөр кайтарып алышты

"Мисс Армения-2017" сулуулар сынагынын жеңүүчүсү Лили Саркисяндын таажысын зер буюмдар ишканасы кайтарып алды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалым болгондой, сынак 24-сентябрда өтүп, анын жыйынтыгы боюнча 17 жаштагы Лили Саркисян жеңүүчү аталган. Ага ыйгарылган таажы ошол эле күнү аны жасаган "Artyom’s" зер буюмдар ишканасы тарабынан кайтарылып алынган. Мунун себебин ишкананын өкүлдөрү сынактын уюштуруучулары аларды жетишерлик деңгээлде жарнама кылбай койгондугу менен байланыштырган.

Бул боюнча сынактын уюштуруучусу Гоар Арутюнян: "Биз ишкана менен сүйлөштүк. Таажы кайра ээсине кайтарылып берилет", - деген билдирүү таратса, ишкана таажы эки тараптын тең макулдугу менен алынганын айтып, аны кайтарбасын билдирген.

Чет элдик маалымат булактарында жазылгандай, зер буюмдарын чыгарган "Artyom’s" ишканасы сынакка демөөрчүлүк кылган. Келишим боюнча уюштуруучулар сулуулар сынагынын башынан аягына чейин таажыны кайсы ишкана берерин баса белгилеп, жарнамалап туруу керек эле. Бирок уюштуруучулар жадакалса таажыны жеңүүчүгө тапшырып жатканда да ишкананын атын атоону унутта калтырышкан.

Эске салсак, буга чейин "Түркия сулуусу-2017" сынагынын жеңүүчүсү 18 жаштагы Ытыр Эсен социалдык тармакка жазган посту үчүн алган таажысынан кол жууган.


РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
Kuba-savai87
2017-09-27 11:51:54
Кыргыстандын атынан кайра армениянын атына отуп кеткен кыз эмесби женуучу? Ошол болсо жакшы болуптур ылайым бербей эле койсун (кулуп)
+1
Nevestkaa
2017-09-27 11:56:58
Kuba-savai87,ал Сусана болсо кк эле аты.Жарнама эми болуптур да бир эле Арменияга эмес бүт дүйнөгө жарнама болуптур.Эми точно кайтарышса керек.Дүйнөдө мисстер көбөйүп кетти да саны бар сапаты жок.
+6
JJAN
2017-09-27 13:15:32
Таажысы өзгөчө кооз экен эле,жок дегенде кайсы ишкананыкы экенин жарнамалап койсо болмок экен
+3
mir777
2017-09-27 13:17:24
Мына эми пиар болду эми берип койгула
+3
Ulan2601
2017-09-27 14:38:15
Акыркы убакта ушу мисстерда жаман проблема болду го!!!
+3
Snejana
2017-09-27 16:56:20
Ушундай жол менен озулору эле реклама кылып алышкан турбайбы.
+1
Uson1388
2017-09-27 17:26:55
Сулуу деле эмеско
+1
KIRA.
2017-09-27 22:45:19
бул кыздын кайсы келбетине берген,мындан сулуурагы жокпу,оозу кантет
0
jon.as
2017-09-28 05:10:45
Рас эле болуптур алып салганы. Кыргызстандын атынан барып Армениянын атынан чыккан кызда. Мындайларды саткын дейт
0
SALMANCHIK24
2017-09-30 13:48:51
Ал неге кыргызстандын атынан барат
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан