100дөн ашык ролду жаратып, ийгиликке жеткен япониялык актёр Кэри-Хироюки Тагава бүгүн, 27-сентябрда 67 жашка чыкты.
Бала чак
Белгилүү япониялык актёр Кэри-Хироюки Тагава 1950-жылы Токио шаарында жарык дүйнөгө келген. Апасы жаш чагында актриса болууну каалагандыгы үчүн ата-энеси аны үйүнөн чыгарып салышкан. Андан кийин ал орус адабиятчылары Антон Чехов, Лев Толстой, Фёдор Достоевскийдин чыгармаларын көп окуп, уулу төрөлгөндөн кийин ага да окуп берген. Келечектеги актёр 5 жашка чыккан маалда үй-бүлөсү менен Американын Каролина штатына көчүп барган. Дал ошол жерден Тагава спорт менен машыга баштайт. Ал Дуарте жогорку мектебинде билим алган, алгач кен-до менен машыгып кийин каратэге болгон кызыгуусу күч алат.
Актёрлукка карай жол
Мектепти аяктаган соң Тагава Түштүк Калифорния университетине окууга өтөт. 2-курста окуп жатканда өз мекени Японияга билимин улантуу үчүн келет, бирок ал жакта актёр өзүн өгөй сезип Америкага кайтууну чечет. Жогорку окуу жайын бүткөн актёр көптөгөн жерлерде иштеген. Ал өз убагында айдоочу, фотожурналист жана пицца жеткиргич да болуп эмгектенген. Он алты жылдан кийин гана Тагава өзүн актёр катары сынап көрүүнү чечкен.
Атактуулук
Актёрдун чыгармачылык жолу 1986-жылы башталган. Ал алгачкы экинчи пландагы ролун "Куралдуу жооп" тасмасында жараткан. "Кичинекей Кытайдагы чоң чыр" аттуу тасмада эл топтолгон эпизоддун ичинде эле ойногонуна карабастан режиссёрлор Тагаваны байкап ага бир катар сунуштар түшөт. "Акыркы император" тасмасындагы актёрдун жараткан ролу ага атактуулукту алып келип, дал ушул тасмадан кийин Тагава көптөгөн кинолордо роль жарата баштаган. Ошол маалда терс каармандары дээрлик көпчүлүгүн азиат түспөлүндөгү актёрлор жаратып турган. Актёрдун аткарган ролдордун 90 пайызы терс каармандар. Кэри-Хироюкинин чыгыш уруш өнөрлөрүн мыкты билгендиги анын актёрлук чеберчилигине өз пайдасын тийгизген. Мындан сырткары актёр "Эгиздер", "Маймылдар планетасы", "Пёрл-Харбор", "Хатико" тасмаларында роль жараткан.
Жеке жашоосу
Кэри-Хироюки Тагава Гаваи аралдарында жашайт. Ал жакта өзүнүн чыгыш урушу боюнча мектебин жетектейт. Актёр эки жолу үйлөнгөн, биринчи жубайы менен 2 балалуу болушкан. Ал менен ажырашып, кийин кайрадан башкага үйлөнүп, дагы бир кыздуу болот. Анын бул никеси да түбөлүктүү болгон эмес. Азыркы тапта актёр жалгыз жашайт. Эки жубайы жана балдары менен байма-бай катташып турат.
27-сентябрдын жылнаамасы.