Жабык имараттагы Азия оюндары: Артылган үмүттөрдү суутуп, күтүүсүз кубанычтарды алып келген спортчулардын 10 күнүнө саресеп

Түркмөнстандын Ашхабад шаарында 17-27-сентябрь аралыгында өткөн уруш түрлөрү боюнча жабык имараттагы V Азия оюндарында Кыргыз спортчулары жалпы 70 медаль тагынышты. Алардын ичинде 13 алтын, 20 күмүш жана 37 коло медалдар. Жалпы медалдык эсепте 62 өлкөнүн арасында Кыргыз өлкөсү 8-орунду ээлеп Вьетнам, Гонконг, Индия, БАЭ, Тажикстан, Австралия сыяктуу өлкөлөрдөн ашып өттү.

Аталган мелдешке Кыргыз өлкөсүнөн жалпы 153 спортчу барып катышкан. Алар спорттун 17 түрүнөн медалдар үчүн күрөшүп жалпы 70 медаль жеңип алышты. Кыргыз спортчуларыбыз көбүнчө алтын медалдарды Кыргыз улуттук спортунун түрү алыштан жеңип алышса (4 медаль), самбодон 3 алтын медаль жеңип алышты. Ошондой эле 12 Кыргыз спортчубуз бел боо күрөштүн түрлөрүнөн (алыш-кыргыз күрөшү, түркмөн күрөшү, казак күрөшү, бел боо күрөшү) финалдык этапка өтүп жеңилүү ызасын тартып күмүш медалдарын тагынган. Ушул эле бел боо күрөштүн түрлөрүнөн Кыргыз балбандары 16 коло медаль тагынышты.

Жиу-Житсу

Азия оюндарына жиу-житсу боюнча Кыргыз курама командасына 9 спортчу кирген. Алардын ичинде Азия чемпиону Муртазали Муртазалиев, Азия чемпиондугунун коло медалдарынын ээлери Нуркалый Мирланов жана Эржан Батыров да бар.

Жабык имараттагы Азия оюндарынан эң алгачкы медалды жиу-житсу боюнча мелдештен Ариет Бекишов алып келген. Ал 62 килограммга чейинки салмак ченинде катышып, алгачкы беттешинде таиланддык спортчуну жеңип, коло медаль үчүн беттеште ооганстандык мушкерди жеңип алган.

Биз медаль жеңет деп үмүттөнгөн Муртазали Муртазалиев 1/16 финалда иорданиялык атаандашын 11:0 эсебинде жеңсе, жарым чейрек финалда бахрейндик спортчуга жеңилип мелдештен четтетилген. Бирок анын бир тууган иниси Абдурахманхажи Муртазалиев финалга чейин жетип алтын медалды багындырды. Ал финалда кумда ойнолуучу Азия оюндарынын чемпиону (2014) БАЭ өлкөсүнүн спортчусу Халфан Балхол менен беттешкен.

Жеңил атлетика

Жеңил атлетика боюнча мелдешке барган Кыргыз курама командасы 5 жөө күлүктөн түзүлгөн. Алардын ичинде юниорлор арасындагы Азия чемпиону (2015) Арина Клущукова, Орто Азия чемпиондугунун (2016) коло медалынын ээси Мусулман Жоламанов жана бир нече эл аралык мелдештин чемпиону Гүлшанай Сатарова болгон.

Жеңил атлетика боюнча мелдештин жыйынтыгында Гүлшанай Сатарова 1500 метр аралыктагы жарышта күмүш медалын жеңип алса, Арина Клещукова Сатарованын артынан эле фиништик чийинди кесип өтүп коло медалга ээ болгон. Ошондой эле Арина Клещукова 800 метр аралыктагы жарышта коло медалга ээ болду.

Ал эми Мусулман Жоламанов 800 метр аралыктагы жарышта финалдык этапка өткөн, бирок 4-болуп финишке келип медалга илинбей калган.

Түркмөн күрөшү

Кыргыз өлкөсүнөн түркмөн күрөшү боюнча мелдешке 16 спортчу сапар алган. Алардын ичинде 2 жолку Өлкө чемпиону (2015, 2016) Амангелди Эсенбек уулу, Дүйнө кубогунда коло медалынын ээси Кененбек Шамидин уулу, алыш боюнча Азия чемпиону (2012) жана Дүйнө чемпиондугунун (2015) коло медалынын ээси Эсенбек Кудайбердиев жана Дүйнө кубогунун (2014) күмүш медалынын ээси Тилек Куралов катышкан.

Түркмөн күрөшү боюнча Кыргыз спортчуларыбыз өлкө капчыгына 3 күмүш жана 3 коло медалдарды алып келишти. Күмүш медалдарды Эсенбек Кудайбердиев, Назира Марсбек кызы жана Мээрим Жуманазарова алып келсе, коло медалдарды Кененбек Шамшидин уулу, Назира Арзыбекова жана Уулкан Алибай кызы алып келишкен.

Бел боо күрөштүн түрлөрү

Бел боо күрөштүн түрлөрү, алардын ичинде алыш (кыргыз күрөшү), казак күрөш, бел боо күрөш жана пахлавани (иран күрөшү) боюнча Кыргыз өлкөсүнөн 32 балбан катышкан. Курамдын ичине 2 жолку Дүйнөнүн чемпиону (2014, 2015), Дүйнө кубогун жеңүүчүсү (2015), Азия чемпиону Нурбек Кожобеков, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алтын медалынын ээси Бекзат Тынчтыкбек уулу, 2 жолку эл аралык "Гран-При" мелдешинин жеңүүчүсү Нурлан Садыралы уулу, Дүйнө чемпиону (2015) Кадыр Келсинбеков, Азия чемпиону Мээрим Момунова, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын жеңүүчүсү Уулкан Алибай кызы болгон.

Кыргыз балбандар бел боо күрөштүн түрлөрү боюнча 5 алтын, 8 күмүш жана 13 коло медаль жеңип алышкан. Алтын медалдарды Эсенбек Кудайбердиев, Нурзат Бактияр кызы, Алтынай Мамарасул кызы, Мээрим Момунова жана Бекзат Тынчтыкбек уулу багындырган.

Алтын медалды жеңет деп үмүт койгон спортчубуз Нурбек Кожобеков финалдык баскычта түркмөнстандык балбанга туш келип упайлар боюнча 0:3 эсебинде жеңилип калган.

Бел боо күрөштүн түрлөрү боюнча күмүш медалдарды Асылбек Калматов, Эрланбек Мурзабеков (алыш жана бел боо күрөш боюнча), Нурбек Кожобеков, Тилек Кувалов, Руслан Тавалдиев, Мээрим Мизамидин кызы, Мээрим Момунова жана Алтынай Мамарасул кызы жеңип алышкан.

Коло медалдардын ээлери Руслан Тавалдиев, Мадаминбек Шаршеналы уулу (алыш жана бел боо күрөш боюнча), Орозбек Аширов, Ильяс Нишанов, Кадыр Келсинбеков, Анара Рыскулова (алыш жана бел боо күрөш боюнча), Нурзат Бактияр кызы, Назира Арзыбекова, Уулкан Алибай кызы , Мирлан Эралиев, Айдарбек Айтиев болду.

Кикбоксинг

Кикбоксинг боюнча мелдешке Кыргыз өлкөсү 13 мушкерди алып барган, алардын ичинен бир нече жыл тыныгуудан кийин кайрадан мушташууга даярдыгын айткан "Кара Кыргыз" аттуу мушкер Ален Офойо барган. Эске салсак, Офойо 2007-жылдын Евразия чемпиону жана 2008-жылдын Европа чемпиону. Андан тышкары Азия чемпиону (2016) Эрик Войнов, Дүйнө чемпиону (2013) жана Дүйнө чемпиондугунун (2016) күмүш медалынын ээси Авазбек Аманбеков, Азия жана Дүйнө чемпиону Алексей Федосеев, ММА боюнча Дүйнө чемпиону (2007) Юлия Борисова, жаштар арасында 2 жолку Дүйнө чемпиону Акрам Баратов медалдар үчүн күрөшүшкөн.

Кикбоксинг боюнча Кыргыз курамасы 1 алтын, 1 күмүш жана 4 коло медаль жеңип алышкан. Авазбек Аманбеков 57 килограммга чейинки салмак ченинде күч сынашып, чейрек финалда түркмөнстандык Ровсен Хабуровду жеңип, жарым финалда сириялык Ибрагим Алхасанды жеңген. Финалда түркмөнстандык Пиги Силабовду жеңип алтын медалын тагынган.

Өлкөгө алтын медаль бөктөрүп келет деп үмүттөндүргөн Азия жана Дүйнө чемпиону Алексей Федосеев финалда түркмөнстандык мушкерге жеңилип күмүш медалына ээ болуп калды.

Ал эми бул спорттун түрү боюнча коло медалдар менен кубандырган спортчулар Юлия Борисова, Чыңгыз Калбаев, Акрам Баратов жана Айбек Дүйшембиев болушту.

Тажрыйбалуу мушкер Ален Офойо 5 жылдык тыныгуудан кийинки алгачкы эле беттешинде тажикстандык Азия чемпионуна туш келип упайлар боюнча 14:4 эсебинде жеңилүү ызасын тарткан. Мушкер мелдештерге катышпоону 5 жылга создуктуруп, жеңиштин даамынын таттуулугун унутуп калгандай... Мушкер өлкө үчүн алдынкы деген орундарды алып бере алган жок.

Самбо

Самбо боюнча Кыргыз курамасы Азия оюндарында 25 спортчу менен көрсөтүлгөн. Алардын ичинде кумда ойнолуучу Азия оюндарынын алтын медалынын ээси Урмат Мамбетжан уулу, Азия чемпиону Бекназар Раимкул уулу, Азия чемпиону жана Дүйнө чемпиондугунун (2009, 2014, 2015) коло медалынын ээси Жаныбек Аматов, самбо боюнча Азия чемпиону (2014) жана ММА боюнча Азия чемпиону (2017) Максат Мусабаев болушкан.

Кыргыз самбочулар өлкөбүздүн капчыгына 3 алтын, 3 күмүш жана 8 коло медаль алып келишкен. Мелдештен кийин өлкөнүн куржуну баалуу медалдарга кыйла эле толо түшкөнсүдү.

Бекназар Раимкул уулу финалда казакстандык Ассылбек Смаиловго туш келип, 13:6 эсебинде жеңип алтын медалын тагынган. Ошондой эле алтын медаль үчүн беттеште Жаныбек Аматов түркмөн самбочусун жеңсе, Жамалбек Асылбек уулу тажикстандык спортчуну 8:0 эсебинде жеңип алар да алтын медалга ээ болушкан.

Ал эми Данияр Алимжанов, Айткүл Абдылдабек кызы жана Орозбек Автандил уулу финалда атаандаштарына жеңилип калганы менен күмүш медалдарды тагынып келишти.

Коло медалдарын Тилек Аманкулов, Белек Бараканов, Улукбек Мамытов, Салмоорбек Маматемин уулу, Максат Мусабаев, Мухаметали Эргешев, Алайбек Үмөтов жана Арсен Камчыбеков жеңип алышты.

Спорттук күрөш

Спорттук күрөш боюнча мелдеште Кыргыз өлкөсүнөн 20 балбан катышкан. Алардын ичинде Азия оюндарынын 2 жолку чемпиону жана Дүйнө чемпиондугунун коло медалынын ээси Дүйнө рейтингинде 3-орунда турган Айсулуу Тыныбекова, Дүйнө чемпиондугунун коло медалынын ээси Эламан Догдурбек уулу, Ислам тилектештик оюндарынын жеңүүчүсү Муслим Евлоев, Азия чемпиондору жана Ислам тилектештик оюндарынын күмүш медалдарынын ээси Руслан Царев менен Үзүр Жусупбеков, жаштар арасында Азия чемпиону Атабек Азисбеков, жаштар арасында Азия чемпиону жана Дүйнө чемпиондугунун коло медалынын ээси Мээрим Жуманазарова жана жаштар арасындагы Дүйнө чемпиону Айпери Медет кызы болгон. Спортчулардын карьерасына көз чаптырсак арасында оңой спортчу жокко эсе.

Алар спорттук күрөш боюнча жалпы 6 медаль жеңип, 1 алтын жана 2 күмүш медалдарды грек-рим стилинде күрөшкөн балбандар жеңсе, 1 күмүш жана 2 коло медалдарды кыз-келиндер күрөшүндө балбандар алып келген. Алтын медалды грек-рим стилинде 59 килограммга чейинки салмак ченинде Калы Сулайманов жеңген.

Зор үмүттү арттырган спортчубуз Айсулуу Тыныбекова япониялык жана вьетнамдык атаандаштарын жеңип финалга жолдомо алган. Ал алгачкы атаандашын 36 секундда жеңип, ыкчамдыгын көрсөтүп жатканда күйөрмандары күүлөнүп алтындан үмүттөнүп калышкан. Бирок кызыбыз финалда кытайлык Пей Сингру менен беттешип 1:4 эсебинде жеңилип калганы өкүндүрдү. Муну менен Айсулуу Тыныбекова күмүш медалын тагынып, медалдардын санына өз салымын кошту.

Андан тышкары күмүш медалдарын Үзүр Жусупбеков жана Атабек Азизбеков жеңип алышкан. Ал эми Айпери Медет кызы жана Мээрим Жуманазарова коло медалдарына ээ болушкан.

Бильярд

Бильярд боюнча мелдешке Кыргыз курама командасы 5 спортчу менен жөнөп кетишкен. Курамда Дүйнө чемпиондугунун 3 жолку чемпиону Каныбек Сагынбаев, 18 жашында Дүйнө чемпиондугун багындырган Дастан Лепшаков, Дүйнө чемпиондугунда 5-орунга ээ болгон Ызатбек Ратбеков болушкан.

Мелдештин жыйынтыгында Кыргыз бильярдчылар өлкө капчыгына 1 алтын жана 1 коло медаль жеңип алып келишти. Ызатбек Ратбеков казакстандык жана түркмөнстандык атаандаштарын жеңип финалга өткөн. Финалда Ратбеков казакстандык спортчуга туш келип 5:1 эсебинде жеңип алтын медалды тагынган.

Канат Сыдыков түркмөнстандык бильярдчыны жеңип, кийинки этапта казакстандык спортчуга жеңилип калган. Бул жыйынтык менен Кыргыз бильярдчы коло медалга ээ болгон.

Каныбек Сагынбаев акыркы убактарда көп мелдешке катышпай калгандыгы билинди, жеңишке жетиш үчүн бир гана тажрыйба эмес машыгуу дагы керектелет. Ал эми Дастан Лепшаковдун атаандашы олуттуу болгондугуна байланыштуу медалдарга илинбей калды. Аталган эки кий чебери дагы медаль жеңип беришет деген үмүттөрдү актабай, мелдештерден четтетилип калышкан.

Ошентип 10 күнгө созулган Жабык имараттагы Азия оюндары артылган үмүттөрдүн акталбай калышы, айрым күтүүсүз жеңиштер, бирде асманга жеткирип, бирде төмөн түшүргөн эмоциялар менен коштолду. Төмөндө дагы бир ирет 62 өлкөнүн ичинен Кыргыз өлкөсүн алдынкы ондукка киргизген сыймыктуу спортчуларыбыздын тизмесин сунуштайбыз.

Алтын медалдардын ээлери:

Эсенбек Кудайбердиев - Алыш (классикалык стиль);

Нурзат Бактияр кызы - Алыш (классикалык стиль);

Алтынай Мамарасул кызы - Алыш (классикалык стиль);

Мээрим Момунова - Алыш (эркин стиль);

Бекзат Тынчтыкбек уулу - Бел боо күрөшү;

Калы Сулайманов - Күрөш (Грек-рим күрөшу)

Абдурахманхажи Муртазалиев - Жиу-житсу;

Бекназар Раимкул уулу - Самбо

Жаныбек Аматов - Самбо

Жамалбек Асылбек уулу - Самбо

Ызатбек Ратбеков - Бильярд

Алексей Кибкало менен Татьяна Когадей - бий спорту

Авазбек Аманбеков - Кикбоксинг

Күмүш медалдардын ээлери:

Асылбек Калматов - Алыш (классикалык стиль)

Эрланбек Мурзабеков - Алыш (классикалык стиль) жана бел боо күрөшү;

Нурбек Кожобеков - Алыш (эркин стиль)

Тилек Кувалов - Казак күрөш;

Руслан Тавалдиев - Бел боо күрөшү;

Мээрим Мизамидин кызы - Бел боо күрөшү;

Мээрим Момунова - Бел боо күрөшү;

Алтынай Мамарасул кызы - Бел боо күрөшү;

Эсенбек Кудайбердиев - Түркмөн күрөшү;

Назира Марсбек кызы - Түркмөн күрөшү;

Мээрим Жуманазарова - Түркмөн күрөшү;

Айсулуу Тыныбекова - Күрөш

Үзүр Жусупбеков - Күрөш

Атабек Азизбеков - Күрөш

Данияр Алимжанов - Самбо;

Айткүл Абдылдабек кызы - Самбо;

Орозбек Автандил уулу - Самбо

Гүлшанай Сатарова - Жеңил атлетика

Алексей Федосеев - Кикбоксинг

Коло медалдардын ээлери:

Руслан Тавалдиев - Алыш (классикалык стиль);

Мадаминбек Шаршеналы уулу - Алыш (эркин стиль) жана бел боо күрөшү;

Орозбек Аширов - Бел боо күрөшү;

Ильяс Нишанов - Бел боо күрөшү;

Кадыр Келсинбеков - Бел боо күрөшү;

Анара Рыскулова - Алыш (эркин стиль) жана бел боо күрөшү;

Нурзат Бактияр кызы - Бел боо күрөшү;

Назира Арзыбекова - Бел боо күрөш жана түркмөн күрөшү;

Уулкан Алибай кызы - Бел боо күрөш жана түркмөн күрөшү;

Мирлан Эралиев - Казак күрөшү;

Айдарбек Айтиев - Пахлавани күрөшү;

Кененбек Шамшидин уулу - Түркмөн күрөшү;

Арина Клещукова - Жеңил атлетика 1500 метр жана 800 метр аралыкта;

Ариет Бекишов - Жиу-житсу;

Камил Сабитов - Ат менен секирүү;

Бекжан Матысаев - Тай бокс;

Мээрим Жуманазарова - Күрөш

Айпери Медет кызы - Күрөш

Юлия Борисова - Кикбоксинг;

Чынгыз Калбаев - Кикбоксинг

Акрам Баратов- Кикбоксинг

Тилек Аманкулов - Самбо;

Улукбек Мамытов - Самбо;

Салмоорбек Маматемин уулу - Самбо;

Максат Мусабаев - Самбо

Белек Бараканов - Самбо

Мухаметали Эргешев -Самбо

Алайбек Үмөтов - Самбо

Арсен Камчыбеков - Самбо

Канат Сыдыков - бильярд

Алексей Кибкало жана Татьяна Когадей - бий спорту.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (17)
odin-takoy
2017-09-27 18:44:27
Буттубу же бутолекпи оюн
-3
mirkaa5182
2017-09-27 18:50:38
Азаматтар,дүйнөгө Кыргызстандын желегин желбиретип жүрө бергиле.
+2
Nazar76
2017-09-27 18:54:14
Азаматсынар
+3
aminkaerke
2017-09-27 19:16:15
Азаматсынар кыргыз элим силер менен сыймыктанат
+4
OKEI
2017-09-27 19:50:04
Азаматсынар.Куттуктайм.Сыймыктанам!
+4
barsbegKG
2017-09-27 19:57:06
Азаматсыңар силер менен сыймыктанабыз! Биздин аттуу баштуулар баарыңарды финансы жагынан колдоого алсын. Силер спорт менен гана машыгып дүйнөлүк олимпиадада дагы ушундай ийгиликтерге шетишкиле!
+5
maratbek88.88
2017-09-27 20:15:45
62 Олконун ичинен 8орун ото жакшы деген результат АЛГА Кыргызстан
+5
Jyrgal_msk
2017-09-27 20:53:13
Бир алтын алганда Кореяны басып отмок экенсинер.Туркмонстан озунун спортчуларына тартып койгондой туру бар.
+6
aiba.8327
2017-09-27 21:04:05
Азаматсынар ушунунардан жазбагыла ....
+3
Tekecher
2017-09-27 21:05:35
Эсен(Кудайбердиев) ака азаматсыз! Сиз менен сыймыктанабыз.
0
a.m.akmoldoev
2017-09-27 21:38:45
Азаматсыңар. Кыргызстан алга.
+2
saint-Petersburg
2017-09-27 21:42:51
Эсенбек укам азамат! Бир алтын, бир кумуш!
+1
no.comment
2017-09-27 23:22:12
Урматтуу Супер Инфо! Кайсы олкодон канча спортчу катышканын, ал олконун калкынын санын тактап жазып койсонуздар, жалпылап анализдеп кормокпуз канча % жетишкендик болгонун.
+2
admin_superstan
2017-09-28 11:56:53
no.comment, саламатсызбы! Сунушуңуз тиешелүү бөлүмгө жеткирилди, рахмат.
0
Citiformat
2017-09-28 09:08:16
Эркин күрөшчүлөрүбүзчү
0
enka
2017-09-28 19:34:07
Куттуктайбыз!!!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан