Аскат Мусабеков: "Жубайымды таштаган эмесмин, экинчи аялым жок" (видео)

Саналуу мүнөттөрдөн кийин ырчы Аскат Мусабековдун SUPER.KG порталынын түз эфириндеги маеги башталат.

Ырчынын чыгармачылыгы же жеке жашоосу боюнча сизди көптөн бери кызыктырып, бирок жооп ала албай жүргөн суроолоруңуз болсо мүмкүнчүлүктөн пайдаланып узатыңыз. Аскат Мусабеков суроолорго түз эфир аркылуу жооп берет.

Эскерте кетсек, жиберилген суроолор редакция тарабынан иргелет. Мааниси окшош, кайталанма суроолор эфирге чыгарылбайт.

15:07. Аскат Мусабековдун SUPER.KG порталынын түз эфириндеги маеги башталды. Ал учурда алпаруучулардын "ойготуучу" суроолоруна жооп берүүдө.

15:12. Суроо: Жан дүйнөнү руханий жактан байытуу үчүн эмне кылышыбыз керек?

"Китеп окуп, театрга көп барыш керек. Искусствонун ар бир жанры адамды өнүктүрүүгө жардам берет".

5-классынан баштап комуз черте баштаганын кошумчалады ырчы.

15:14. Суроо: Ийгилигиңиздин сыры эмнеде?

Жооп: "Бардык ийгиликтин сыры тынымсыз эмгекте деп ойлойм".

15:16. Ырчы жакын арада "Айданек" ырына клип тартып, элге сунуштайын деп жатканын айтты.

15:18. "Элдин табитин тарбиялай албай жатабыз. Илгери чыгармачыл чөйрө коомду тарбиялап келген. Азыр демократия болуп, ар кандай темадагы жеңил-желпи ырлар чыгып жатат", - дейт ырчы.

15:35. "Кээ бир чыгармалар ырдап жаткан адамдын психологиялык абалын түшүндүрүшү мүмкүн. Ал эми мен ырдаган чыгармаларды менин ырга болгон табитим деп түшүнсөңүздөр болот", - дейт ырчы.

15:30. Аскат Мусабеков колдонуучунун суроосуна "Жубайымды таштаган эмесмин. Менин бир уул, бир кызым бар. Экинчи аялым жок" деп жооп берди.

15:42. "Ырчы болгусу келген жаштар көп кайрылышат. Аларга биринчи ирет музыкалык билим алуу керектигин айткым келет", - дейт ырчы.

15:48. Аскат Мусабеков "Лейли" ырын аткарууда.

15:53. Суроо: Жубайыңыз менен жарашайын деп жатасызбы же башка кызга үйлөнөсүзбү?

Жооп: "Жеке жашоом жөнүндө айтпай эле коёюн. Убакыт көрсөтөт".

16:02. Ырчы оюндун алкагында Ибрагим Жунусовду туурап берди.

16:13. Аскат Мусабековдун түз эфирдеги маеги жыйынтыкталды.

Аскат Мусабеков: "Элдин ырларга болгон табитин тарбиялай албай жатабыз"
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (12)
Uulka9293
2017-09-27 14:48:58
Саламатсызбы! Жамийла ырынызды жандуу ун менен ырдап берсениз...
0
sardaralay
2017-09-27 14:58:52
Бишкек сааты менен канчада башталат? Москвадан жазып жатам.
0
Isco23
2017-09-28 07:57:51
sardaralay,москвада жашап дагы деле бильейсинби канча саат разница экенин
0
sardaralay
2017-09-27 14:59:33
биз силерден 3 саат арттабыз
0
Наргиза Талантбек кызы
2017-09-27 15:01:51
15:00дө Бишкек убактысы боюнча
0
Atyrgul84
2017-09-27 15:41:42
Саламатсызбы "Кара кызды" ырдап бериңизчи аябай жагат, суранам
0
ashamkan
2017-09-27 16:11:17
Аруузатымды ырдап беринчи
0
Milana.
2017-09-27 16:14:04
Саламатсызбы Аскат байке мен сиздин чыгармачылыгынызды сыйлаймын, дагы да болсо ийгилик каалаймын. Негизи айтпасам болбос ар бир бала толук кандуу уй булодо чоноюшу шарт жана буга ата эне милдетуу суранам кайрадан чогуу бир бутун уй було болунузлар.
+9
mem77
2017-09-28 10:27:43
Саламатсыңбы, Аскат иним. Башка бүлө табышмак, бирок келинчегиң Зарина экөөңөр соонун түгөйсүңөр, эркек катары алдына барып, колун сурап, бирге болушуңарды тилейм. Силердей ата-эненин балдары гений болушу керек. Ал үчүн ата-эненин биргелешкен ынтымактуу тарбиясын алса дейм.
+3
ayana91
2017-09-28 14:50:46
Келинчегин менен жарашып бактылуу болгула.Балдарындын ширин создорун угуу озунчо эле бакыт да.Бала бат эле чоноет убакытты кармап кала албайсын.Кийин кеч болуп калат.Оз канындан жаралган балдарга кайдыгерлик кылган жакшы эмес.
0
Alinatka
2017-09-29 13:40:42
Менин кайненем ушул тугойлор жагат дечу,кийин ажырашканын угуп аябай капа болгон дагы менде номери болсо айтмакмын Аскатга жарашкыла деп дейт
+1
Sarychelek9286
2018-01-05 01:34:50
Аялы мн жарашып алышса жакшы болмок,суйлөшкөнү бар экен дешет го бирок
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан